ВИДЕО: Равшан Жээнбеков эки айга СИЗО 1-ге камалды

Окуялар тизмеги 14 Дек 2019 21:48
1 ой-пикир

Бүгүн, 14- декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековду 9-февралга чейин камакка алууга чечим чыгарды. Бул тууралуу анын адвокаты Замир Жоошев билдирди.

Ал Жээнбековго күбөлөрдүн гана көрсөтмөсү менен айып тагылып жаткандыгын белгиледи.

Бөгөт чарасын кароонун алдында Равшан Жээнбеков өзү журналисттерге кыскача интервью бергенге үлгүрдү. Ал бийлик коррупция менен күрөшө албай, жакырчылыкты жеңе албай калганда демократиялык көз караштагы саясатчыларды камоо менен алектенип жатканын айткан. Убактылуу кармоочу жайдын абдан суук экенин, аны кыйноо катары бааласа болорун кошумчалаган.

Эске сала кетсек, Равшан Жээнбеков 12-декабрда Ички иштер министрлиги тарабынан кармалган. Аталган органдын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Жээнбековго Жазык кодексинин 244-беренеси («Барымтага алуу») жана 264-беренеси («Массалык башаламандык уюштуруу») боюнча айып коюлган. 14-декабрда буга дагы бир берене 309-берене (“Бийликти күч менен басып алуу”) кошулганы кабарланды.

ВИДЕО: Равшан Жээнбеков эки айга СИЗО 1-ге камалды” жөнүндө ой-пикирлер

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.