«Азаттык»: Иликтөөнүн бардык материалдарын УКМКга өткөрүп бердик

Окуялар тизмеги 14 Дек 2019 10:36
0 ой-пикир

13-декабрда «Азаттык Медиа» мекемеси журналисттик иликтөөлөрүндө колдонулган документтердин көчүрмөсүн, аудио, видео материалдарды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүп берди.

«Азаттык» радиосу материалдар менен кошо Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасына жазылган расмий катты да тапшырды.

Анда «Берилген материалдар же ага байланышы бар кандай гана маалымат болбосун кыянаттык менен пайдаланылса, биздин журналисттердин, иликтөөгө аралашкан кызматкерлердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугуна тынчсызданабыз» деп айтылат.

Медиа мекеме ошондой эле УКМК журналисттердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн бардык чараларды көрөт деген ишенимин билдирет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.