УКМК: Экотехинспекциянын кызматкерлери туруктуу коррупциялык схема түзгөн

Окуялар тизмеги, Өлкө 13 Дек 2019 14:27
0 ой-пикир

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын эки кызматкери пара алууга шектелип кармалды. Бул жөнүндө Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

«Аталган мекемеде кызмат адамдары менчик ишканалардан пара катары акча алына турган коррупциялык схема түзгөн деп шектелүүдө. Алар менчик архитектуралык-курулуш көзөмөл компаниялардын компетенциясына байланыштуу маселелерди чечип бергендиги үчүн мыйзамсыз каражат алып турган, — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Маалыматка ылайык, 6-декабрда аталган мекеменин башкармалыгынын башчысы А.Т. жана башкы инспектор Б.Б. 2000 миң доллар алып, бөлүшүп жаткан жеринен кармалган.

Шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына камакка алынып, тергөө-иликтөө иштери жүрүүдө.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.