А Жезкемпир болсо каршы…

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 13 Дек 2019 08:10
0 ой-пикир

Алмаз БАРАТОВ — атайын Elgezit.kg үчүн.

КСДПнын акыркы билдирүүсү боюнча пикиримди билдирип кетпесем болбойт.

2019-жылдын 7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын чечими карала электе эле КСДП билдирүү таратып, комиссияны “дүжүр” жана “фикция” атады. Комиссия “азыркы өлкө башчысынын саясий катасын жана кылмыштарын жабуу үчүн гана түзүлгөнүн” жарыялады.

“Мамлекеттик комиссиянын ишинде калыстык болбой турганы башында эле билинген”, — деп жазган КСДП. Бирок алар мамлекеттик комиссия Асель Кодуранованы жана Ирина Карамушкинаны чакырышып, алардын пикирин угууну каалаганын, бирок алар баш тартып коюшканын унутуп калышкандай. Баса, алар бул кадамдарынын себебин да түшүндүрүшкөн эмес.

Комиссия Кой-Таш айылынын тургундары менен жолугушуп, сааттап аларды уккан ж.б. Бирок мунун баары КСДП үчүн далил эместей. Себеби алар өздөрүнүн “жеке байкоолорун” гана негиз кылып алышат. Бул ноу-хау десек да жарашат.

Бирок авторлор “Аскердик прокуратура 1700 адамдын кайрылуусун көзгө илбегени менен Мамлекеттик комиссиянын иши жок”, “тынч элге кол салуу болгон”, “катардагы жарандарга бийлик зомбулук көрсөттү” ж.б. деген сыяктуу коркунучтуу сөздөрдү жазуудан кайра тартышкан эмес.

 “Альфанын” командиринин орун басарынын каза болгону, дагы деле дарыланып жаткан Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, укук коргоо органдарынын оор жаракаттарга учураган, ичине ок жеген, көзү агып калган кызматкерлери тууралуу бир ооз да сөз жазылган эмес. Мындай башаламандыкка авторлор коргоп жаткан Алмазбек Атамбаев Кундуз Жолдубаева, Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова кошулган “тынч жарандар” менен бирге жеткиргенин унутуштубу? 

КСДПнын билдирүүсүндө кылган иштерине өкүнүп, өз кызыкчылыктарын мамлекеттин кызыкчылыктарынан жогору койгону үчүн элден кечирим сураган бир сөз жок. Алмазбек Атамбаев суракка тергөө органдарынын талабына ылайык тынч барып берсе мындай чуу чыкпайт эле го. Өзүн куугунтуктап жатат деген пикирди карманган күндө дагы өзү тууралуу ойлобой, өлкө, эл тууралуу ойлонбойт беле.

Сөз учуру келгенде айта кетейин, өзүнүн саясий каршылашттарын куугунтуктап жатканда ал мыйзам алдында баары бирдей деп айтчу эмес беле.

КСДПнын мамкомиссиянын дарегине сын айтып, ал “күч органдарынын каталарын жабуу үчүн гана түзүлгөн” дегени негизсиз. 

Себеби комиссиянын корутундусунда 7-8-август күндөрү күч түзүмдөрүнүн ишинде координация жок экенинен, калкты маалымат менен камсыз кылуу жетиштиүү деңгээлде болбогондугунан улам КРнын Өкмөтүнүн иши жетишсиз деп жазылган.

Ошондой эле 7-августта Атамбаевди күч менен алып келүүдө абал курчуган маалда УКМК жана ИИМ  жетекчилери эриш-аркак иштеше алган эместиги да жазылган.

Ал эми комиссиянын сунуштарында УКМКнын жана ИИМдин жетекчиликтеринин жоопкерчиликтери тууралуу дагы пункттар бар. Баса, корутундунун мазмуну, натыйжасы өзүнө көптөгөн сырларды да катышы мүмкүн. Комиссиянын мүчөлөрүнүн арасында өзүнүн өзгөчө пикири барлар да бар. Депутаттарда эч кандай суроо болбосо бул таң каларлык көрүнүш болмок. Суроолор бизде дагы бар жана аларды сөзсүз жазып чыгабыз.

Бир сөз менен айтканда “Жезкемпир каршы” экени эч кимди таң калтырбайт. Атамбаевчилерден адилеттүүлүк күтүү маанисиз болчу. Бул алардын абийиринде.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.