Жалал-Абад: «Бактылуу балалыкка ачык жол» акциясы өтүүдө

Окуялар тизмеги, Өлкө 10 Дек 2019 11:44
0 ой-пикир

Жалал-Абад облусунун аймагында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан бир айлык кеңири масштабдагы «Бактылуу балалыкка ачык жол» аттуу профилактикалык мүнөздөгү акция жүрүүдө. Аталган бөлүмдүн үгүт иштери боюнча инспектору Айбек Сатыбалдиев бул жөнүндө Фейсбуктагы баракчасына билдирген.

Анын айтымында, иш-чара балдардын катышуусундагы жол кырсыктарынын алдын алуу максатында уюштурулуп жатат.

«Учурда жер-жерлерде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери жалпы билим берүү мекемелеринде башталгыч класстардын окуучуларына жол эрежелерин үйрөтүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, биргеликте балдардын жолдогу коопсуздугун камсыз кылууда», – деп жазган инспектор.

Мындан сырткары Ала-Бука районундагы кызматкерлер окуучулар арасында спорттук иш-чараларды да уюштуруп жатышат.

Жалпысынан, аталган облус боюнча жыл башынан бери жаш балдар катышкан 134 жол кырсыктар катталып, 13 жаш өспүрүм каза болгон. Былтыр болсо 145 кырсыктан 16 өспүрүмдүн өмүрү кыйылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.