УКМКнын 9-кызматынын башчысы кызматынан кол жууду

Окуялар тизмеги, Өлкө 07 Дек 2019 14:06
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Шабданбеков Тимур Маратович башка кызматка өткөнүнө байланыштуу КР УКМК төрагасынын орун басары — КР УКМКнын 9-кызматынын башчысы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Президенттин башка буйругу менен Эркинбаев Санжарбек Нуралиевичке КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары рангындагы КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын башчысынын милдетин аткаруу жүктөлдү.

Белгилей керсек, УКМКнын 9-кызматы мамлекеттин биринчи адамдарынын коопсуздугун камсыз кылат жана стратегиялык объекттерди кайтарат. Шабданбеков Тимур Маратов аталган кызматеп 2019-жылдын 1-мартында дайындалган болчу.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.