УКМК: «Азаттыктын» иликтөөсү боюнча бир нече адам суракка алынды

Окуялар тизмеги 06 Дек 2019 10:11
0 ой-пикир

«Азаттык» үналгысынын журналисттик иликтөөсү боюнча бир нече адам суракка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМКдан белгилешкендей, журналисттик иликтөөнүн материалдарынын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 39 жана 130-беренесинин 1-бөлүгү («Киши өлтүрүүгө аракет жасоо») боюнча КР Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында, мекемелер аралык тергөө тобу тарабынан тергөө иш чаралары уланууда.

Сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында УКМКга КР ЖК депутаттары А.Сулайманов, Д. Төрөкулов,экс-депутат Ш.Айтматова, КР Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку орун басары Р.Матраимов чакырылып, сурак беришкен.

КР Стамбул шаарындагы мурдагы консулу Э.Сопоковдун катышуусунда тергөө иштери жүргүзүлүп, ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Ошондой эле «Азаттык медианын» журналисттери Мухамедали (Али) Токтакунов жана Ыдырыс Исаковдор күбө катары сурака чакырылышкан.

Тергөө иштери объективдүү жана ар тараптуу өтүшүн камсыз кылуу максатында баардык керектүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

«Тергөө иштеринин жүрүшү коомчулукка ар дайым ачык маалымдалып турат», — деп билдиришти комитеттен.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.