Скайп мүмкүн эмес. «Азаттыктын» журналисттери УКМКга өздөрү келиши талап кылынууда

Окуялар тизмеги, Өлкө 04 Дек 2019 11:54
0 ой-пикир

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) “Азаттык Медиа” мекемесинин журналисттери Мухаммедали Токтакунов менен Ыдырыс Исаковдун УКМКга келип сурак беришин талап кылууда. Бул тууралуу УКМКнын тараткан билдирүүсүндө айтылат.

Маалыматка ылайык, УКМКнын өндүрүшүндө КР Кылмыш-жаза кодексинин 39-беренеси жана 130-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча катталган сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

— Азыркы учурда «Азаттык Медиа» мекемесинин журналисттери Мухаммедали (Али) Токтакуновдун жана Ыдырыс Исаковдун катышуусу менен тергөө аракеттери өткөрүлүүгө тийиш. Мурдагы күнү, 2-декабрда “Азаттык Медиасынан” келген катта, аталган журналисттер чет өлкөдө жүргөндүгүнө байланыштуу скайп аркылуу тийиштүү суроолорго жооп берүү даярдыгы белгиленген, — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Бирок, Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары болгон адамдын катышуусу менен скайп аркылуу, же башка техникалык байланыш режиминде тергөө аракеттеринин өткөрүлүшү Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 194-беренсине (дистанциялык суракка алуу) дал келбестигин УКМК белгилейт.

Ошондуктан, өлкөнүн Жазык-процесстик кодексинин 34-36-жана 189-беренелеринин талаптарына ылайык, тергөө органына «Азаттык Медиа» мекемесинин кызматкерлери Мухаммедали (Али) Токтакуновдун жана Ыдырыс Исаковдун келип берүүсүн камсыз кылууну УКМК суранат.

Эске сала кетсек, УКМК «Азаттык Медиа» мекемесинин кызматкерлери Али Токтакунов (Мухаммедали Токтакунов) менен Ыдырыс Исаковду 2-декабрда күбө катары суракка чакырган. Алар учурда «Азаттыктын» Прага шаарындагы баш кеңсесинде иштеп жаткандыктан «Азаттык» алар скайп аркылуу тийиштүү суроолорго жооп берүүгө даяр экенин билдирди.

УКМК ишти журналисттик иликтөөнүн башкы каарманы Айеркен Саймаитиге 2017-жылы болгон кол салуу боюнча Жазык кодексинин «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен иликтеп жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.