Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейдеги көргөзмө боюнча өз пикирин «Ата-Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев «Фейсбук» баракчасы аркылуу билдирди.
Эске сала кетсек, көркөм сүрөт музейинде өтүп жаткан көргөзмөдө жылаңач денесин көрсөткөн кыздар социалдык тармактарда катуу талкууну жараткан.
2-декабрда музейдеги иш-чарага каршы болгон жарандык активисттер нааразылык акциясына чыгып, Мира Жангарачеванын кызматтан кетишин талап кылышкан.
Маданият министрлиги көркөм сүрөт музейинде денесин көрсөткөн кыздар катышкан иш-чарага каршы экенин, аялдардын укугун коргоону максат кылганы кабарланган бул көргөзмө министрлик менен кеңешилбей уюштурулганын билдирген.
2-декабрда музейдин директору Мира Жангарачева ээлеген кызматынан бошотулган.