Көркөм сүрөт музейиндеги илинген ич кийимдер кызуу талкууда

Окуялар тизмеги 01 Дек 2019 16:21
0 ой-пикир

Социалдык тармактарда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде көргөзмө өтүп, ал жерге ич кийимдердин илингени, бабалардын салтына жат жазуулар жазылганы, анан дагы жылаңач айымдарды көрсөтүлгөнү кызуу талкууга алынууда. Батышты туурайбыз деп ич кийимди башыбызга илип алабызбы. Музейдин директору Мира Жангарачеванын мындай калпыс ишмердигин кандайча баалашыбыз керек деп коомчулук соцтармактарда жаза башташса, айрымдары ошол жылдары адамдардын укуктар тепселенип келген дешти.

Ал эми маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, орун басары Нуржигит Кадырбеков бул жагдай боюнча үн каткан жок.

Кыскасы, Кыргыз улуттук сүрөт музейине тебетей илинбей, турсийди жарнамалап, элдин кыжырына тийүүдө эмне мандем бар? Мира Жангарачева мындай кадамга эмнеге барганы дагы белгисиз.

Мурунку жетекчи баалуу сүрөттөрдү копиялоо кылам деп аларды жараксыз кылса, кийинки жетекчи ич кийимдер менен элди тан калтырды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.