Оор күндө ортоктош болгон портал

Аналитика, Статьялар 03 Дек 2019 18:31
0 ой-пикир

Алмазбек Атамбев бийликте турганда жалган жалаа менен камалган Өмүрбек Текебаев менен кол үзбөй, анын пикирлерин байма-бай жарыялап келген жападан жалгыз Elgezit.kg порталы менен биргеликте жазылган китеп даяр болду.

3-декабрда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин «Өмүрбек Текебаевдин Elgezit.kg менен диалогу» деген аталыштагы китебинин бет ачары болду. Албетте, Өмүрбек Текебаев саясатта орду бар, курч маселелерди бетке айта турган саясатчылардын бири. Ал учурунда Кыргызстандын Конституциясын жазган. Мындан улам, ал «конституциянын атасы» деген атка конгон. Демек, саясатчылардын дээрлик бардыгы тиши тпгн нерсени ишке ашырып жазган адамдын китеби да зор болуусу керек дегендер арбын. Басылмага курч ой-пикирлер, саясат, Кыргызстандын саясатындагы оош-кыйыш учурлары, мамлекеттин тарыхында калчу инсандар менен бирге анын болочок тагдыры боюнча ой пикирлер камтылган.

Экс-президент Роза Отунбаева: «Elgezit.kg — жаңы, биздин жашообузга сүңгүп кирген портал, ал биздин акылыбызга азык!»

Китептин бет ачар аземине экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин депутаттары, мурдагы премьер-министр Темир Сариев, «Ар-Намыс» партиясынын башчысы Феликс Кулов жана башка саясий, коомдук ишмерлер катышты. Китептин ачылышында сөз сүйлөгөн Өмүрбек Текебаев бул китеп Elgezit.kg порталы менен бирге жаралган эмгек экенин айтты. Ал эми экс-президент Роза Отунбаева Elgezit.kg — жаңы, биздин жашообузга сүңгүп кирген портал, — деп жар салды. Ошондой эле ал аталган портал адамды ойго сала турган, олуттуу проблемалар менен бирге акылга азык боло турган материалдарды берет деп билдирди. «Порталды ар дайым ачып окуйм. Акыркы убактарда Кыргызстанда ойлонто турган маалымат булактары жокко эсе. Ошондуктан Elgezit.kg порталынын берген маалыматтарынын ар түрдүүлүгү менен өзүнө тартат. бул профессионалдуу портал», — деди Роза Отунбаева.

Китептин бет ачар аземинде Өмүрбек Текебаев бул китепте жоопко караганда суроо маанилүү экендигине токтолду:

— Мен түрмөдө жатып «мен түрмөдөмүн. Ушуну айтсам мага зыяны тийип калат го» деп айтсам ошол ойлорду, ошол пикирди Elgezit.kg суроосуна кошуп коюп жатты. Кээ бир убакта жоопко караганда суроо көп нерсени айтат. Суроо баарын аныктап коёт. Жооп жөн гана нерсе болуп калат. Ошондуктан бул диалог бир гана адамдын эмес, бирге жасалган эмгек болду. Диалогдо мен өткөн күндөрдү көп эстедим. Өткөндө бирөө: «Кимди көп эстедиң?» деп сурады. Берген интервьюларымды карасам мен Атамбаевди көп эстептирмин. Бул китепте жакынкы тарых, демек Алмазбек Атамбаев тууралуу сөз болот, — деди Текебаев. Ошондой эле саясатчы «Elgezit.kg маалымат-аналитикалык порталынын дарегине жакшы каалоолорду айткым келди. Elgezit.kg редакциясына тыгыз кызматташтыгы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, жогорку кесипкөйлүгүн, компетенттүүлүгүн баалаймын. ММКлар арасында Elgezit.kg сайтынын уникалдуулугу — мыкты жазылган аналитикалык материалдарды жарыялагандыгында деп ойлойм. Ошондуктан бул басылманын ачылганына бир жыл толо электигине карабастан, анын өзүнүн туруктуу окурмандары бар экенин баса белгилейм», — деди ал.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.