Жогорку Кеңеш беш жылга байланыштуу бюджеттик үч мыйзамды кабыл алды

Окуялар тизмеги, Өлкө 29 Ноя 2019 10:29
0 ой-пикир

Жогорку Кеңеш 28-ноябрда беш жылга байланыштуу бюджеттик үч мыйзамды кабыл алды.

Бюджеттин 2018-2019-жылдардагы аткарылышы, 2020-жылга планы жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө экинчи окууга келген документтер ошол эле күнү үчүнчү окуудан да өттү.

Мындай чукул кабыл алуу тартибинин мыйзамсыз экенин айткан депутаттардын пикири эске алынган жок.

Парламент жыйынында премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 2020-жылга сунушталып жаткан бюджет дээрлик 40 млрд. сомго көбөйүп, 173 млрд. сомду түзөрүн айтты

Өкмөттүн басма сөз кызматы «2020-жыл мамлекеттик бюджетти толтуруу жана көмүскө экономика менен күрөшүү багытында өзгөчө жыл болот» деген маалымат таратты.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.