УКМК: Райымбек Матраимов суракка чакырылды

Окуялар тизмеги, Өлкө 29 Ноя 2019 14:32
0 ой-пикир

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 29-ноябрда, Мамлекеттик бажы кызматында мурда төраганын орун басары болуп иштеп кеткен Райымбек Матраимовду күбө катары суракка чакырганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ведомстволор аралык тергөө тобу «Азаттыктын» журналисттик иликтөөнүн материалдары боюнча сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында тергөө иштерин улантууда.

РайымбекМатраимов журналисттик иликтөөдө жарыяланган бардык жагдайлар боюнча суралат, — деп айтылат маалыматта.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана «Kloop» агенттиги чогуу жасаган «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» аттуу иликтөөсү

Эске сала кетсек, 25-ноябрда Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат жыйынында Райымбек Матраимов мекеме аралык тергөө тобуна чакырылышы мүмкүн экенин айткан:

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) башында турган мекеме аралык тергөө тобу макалада келтирилген бардык жагдайларды иликтеп чыгат. Тергөө тобуна журналисттик иликтөөдө аты аталгандар, анын ичинде Матраимов өзү да чакырылышы мүмкүн.

Дамир Сагынбаев

Башкы прокуратура 22-ноябрда, ишкер Айеркен Саймаити көзү тирүү кезинде, Кыргызстанда анын өмүрүнө коркунуч жаралган окуяны Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине, Жазык кодексинин «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен каттаган.

Кыргызстандын бажысындагы коррупция боюнча журналисттерге маалыматтарды жана жүздөгөн документтерди берген Айеркен Саймаити 10-ноябрда, Стамбулда атып өлтүрүлгөн. Анын өлүмүнө шектүү катары Түркияда төрт киши кармалган. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.