​Кыргызстандан $700 млн чыгарып кеткен Айэркен Саймаитини атып кетишти

Окуялар тизмеги, Өлкө 11 Ноя 2019 11:25
0 ой-пикир

«Азаттыктын» «Кыргызстандын чыгарылган миллиондордун изи» аттуу журналисттик иликтөөсүндө сөз болгон жеке ишкер Айэркен Саймаитинин өлтүрүлгөнү кабарланды.

Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү маалымат кызматтары билдиришти. Окуя 10-ноябрь кечке маал Стамбул шаарынын Фатих аймагындагы мейманканалардын биринде болгон.

Анда Айэркен Саймаитини белгисиз адам атып кеткен. Ооруканага жеткизилген ишкер алган жаракатынан каза тапкан.

Стамбул шаардык прокуратурасы Айэркен Саймаитиге куралдуу кол салуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Окуя болгон жерде изилдеп иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эске сала кетсек, быйыл май айынын соңунда «Азаттык» жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөө коомчулукта чоң резонанс жараткан. Анда 700 миллион доллардын тегерегиндеги каражат Айэркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени айтылган. Ушул эле адамдын атынан Ысмайыл Матраимов атындагы фондго 2,3 миллион доллар чет өлкөдөн кайра которулганы тууралуу сөз болгон.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финпол) «Азаттыктын» иликтөөсү боюнча текшерүүнү жүргүзгөн. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта 2010-2018-жылдары Saimaiti Aierken, «Абдыраз» аттуу жоопкерчилиги чектелген коому жана «Wufuli Bumailiyamu» жеке ишканасы банктык эсептери аркылуу жалпысынан 646 миллион 879 миң 649 долларды чет өлкөлөргө жөнөткөнү айтылган.

Акча каражаты кездеме, мотор майы, тетик жана башка товарларды сатып алуу тууралуу контракттардын негизинде которулган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.