Тарых сабактары. Этюддар

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 12 Сен 2020 17:44
0 ой-пикир

Тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов — атайын Elgezit.kg үчүн

Артисттердин саясаттагы орду

Эгерде биздин артисттер Майкл Жексон же Димаш сыяктуу таланттуу болушканда, депутаттыкка аттанышат беле? Негизи бул сөз башка кесиптерге да тиешелүү. Саясат – бул атайын берилген милдет (наам). Ал жакка көңүл ачуу үчүн эмес, иштеш үчүн барышат. Наполеон саясатка кокустан барып калган, бирок ал жактан анын саясий жана аскердик таланты ачылган. Рейган актёр болгон, бирок ал таланттуу башкаруучуга айлана алган. Дүйнө жүзүндөгү эң бай штаттардын бири Калифорниянын губернатору катары башкаруу мектебинен ийгиликтүү өткөн. Бирок буга чейин Гарвардды аяктап, экономика боюнча доктордук илимий даражасын жактаган. Арнольд Шварценеггер – дүйнөлүк аты бар эң мыкты актёр, бирок саясатка Американы өзгөртүү үчүн, АКШда төрөлбөгөн эң биринчи америкалык президент болуу үчүн келген. Алгач өзүн Калифорниянын губернатору кызматында сынап көргөн. Рейгандын жолун кайталоону чечкен. Бирок саясатта тасма чөйрөсүндөгүдөй ийгиликке жете алган жок. Рейган да, Шварценеггер да саясатка киноискусстводогу карьерасы аяктап калганда келишкен.

Кыргыз олигархиясы тууралуу

Биздин олигархат классикалык эмес, өзгөчө олигархат. Россиядагыдай мамлекетти каржы жагынан башкарган чоң, фабрика-заводдуу олигархат эмес, тескерисинче, кичинекей, алдамчы, соодагер, мамлекет тарабынан коркутулган олигархат. Парламент – Жогорку Кеңеш чындыгында “ашыкча тоюшту”, ага коротулган каражатты азайтуу керек. Же ага пара берүүнүн зарылчылыгы жок. Ал ансыз деле баарына даяр. Сатып да кетет, сиз аркылуу чуркап да өтөт. Күчтүү, дымактуу, бетке айткан жаштарыбызга, алардын колдоосуна жана ишенимине төлөө керек. Ошондо мугалимдердин, дарыгерлердин айлык акысын жана пенсияларды көбөйтүүгө мүмкүн болот.

Демократиянын баалуулугу жөнүндө

Демократия дүйнө жүзүндөгү адамзатына бардык укуктарды, тандоону, гуманизмди, өзүн таануу укуктарын, өзүнүн коопсуздугун камсыз кылууну, туруктуулукту, тартипти, жоопкерчиликтүү бийликти ж.б. тартуулаган жалгыз универсалдуу цивилизацияны жараткан. Авторитаризм жана тоталитаризм мунун бардыгын жокко чыгарат. Ошол себептен биз ушул убакка чейин кедейбиз, укуктарга ээ эмеспиз, корголбогон, таш боор, ырайымсызбыз, бизде көрө албастык күч алган, адепсиз жана жоопкерчиликсизбиз.

***

Орус эли: “Эки жамандык бирдей келсе, анын пайдалуурагын тандоо керек”, – дейт. Англиянын эли: “Эки жамандыктын бирин да тандабаш керек”, – дейт. Балким, ийгиликсиз болуп жатканыбыз да ушул себептен болуп жүрбөсүн?..

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.