Убада кылынган унаа Айсулуу Тыныбековага тапшырылды

Окуялар тизмеги, Өлкө 29 Ноя 2019 09:15
0 ой-пикир

«Газпром Кыргызстандын» башкы директору Болот Абилдаев Күрөш боюнча дүйнө чемпионатын багындырган Айсулуу Тыныбековага убада кылган автоунаасын тапшырганы белгилүү болду.

Айсулуу белекти алып, агы ыраазычылык билдирген. Унааны айдап пост жазган.

Эске сала кетсек, Болот Абилдаев 10-ноябрда Бишкекте болгон кечеде унаа белекке берүүгө убада берген болчу. Абилдаев Айсулуунун Олимпиада оюндарын жеңүүгө толук күчү жетерине тилектеш экендигин билдирген. Кыргызстандын желеги Токидо көтөрүүрөрүнө бекем ишенерин айткан.

Буга чейин Сооронбай Жээнбеков спортчуга 3 бөлмөлүү батир белек кылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.