Елисеевдин 120 млн сомдук активи: Экономика министрлиги УКМКнын маалыматын четке какты

Окуялар тизмеги, Өлкө 23 Ноя 2019 20:42
0 ой-пикир

Экономика министрлигинин банкрот иштери боюнча департаментинин кызматкерлери 120 миллион сомдон ашык акчаны мыйзамсыз чыгарып кетүүгө аракет кылган деген билдирүү чындыкка жатпайт. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин жакыны болуп саналган адвокат Алексей Елисеевдин 120 миллион сомдук автивин тапканы айткан. 

УКМК Экономика министрлигинин Банкрот иштери боюнча департаментинин кызматкерлери Елисеевге таандык «Кристалл» ААКты текшерүү учурунда 120 миллион сомду мыйзамсыз чыгарып кетүүгө аракет кылышканын кабарлаган.

Бул каражат сыртка чыгып кетпеши үчүн аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Бүгүнкү күндө мамлекеттин эсебине 67 миллион сом которулуп, калган сумманы которуу аракеттери көрүлүп жатканы айтылган.

Ал эми Экономика министрлиги Жалал-Абад облусунун экономикалык иштер боюнча район аралык соту №ЭД-165/10МД ишинин негизинде 2010-жылдын 4-июнунда «Кристалл» ААКсын банкрот деп чечим кабыл алгандыгын айтууда.

«2011-жылдан бери «Кристалл» ААКсынын мүлкүн сатуу боюнча 18 аукцион өткөн, акыркысы 2018-жылдын 16-мартында уюштурулуп, баштапкы баасынан 50 пайызга төмөндөтүлүп 248 миллион 130 миң 300 сомго бааланган. Ага эки компания катышып, 426 миллион 340 миң сом сунуштаган кытайлык «Гидроэлектр тармагын өнүктүрүү боюнча Гуансийлик Ваньцюань ЛТД компаниясы» жеңүүчү аталган», — деп жазылат маалыматта.

Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, аталган мүлк сатылгандан кийин «Кристалл» ААКсынын насыялык карызы толугу менен төлөнгөн.

«120 миллион сомдун 67 миллиону УКМКнын атайын эсебине сактоого берилген. Калган акчалар «Кристалл» ААКсынын эсебинде, ал каражаттар боюнча «Кристаллдын» насыя берген тарабы ортосунда соттук териштирүү жүрүүдө», — деп министрликтен түшүндүрүштү.

Мекемеден ошондой эле калган акчаны мамлекеттин казынасына которуу демилгеси Банкрот иштери боюнча департаменти тарабынан көтөрүлүп, ага укук коргоо органдары катышкандыгын кошумчалашты.

Мындан сырткары, 2018-жылдын 18-июнунда Банкрот иштери боюнча департаменти «Кристалл» ААКсынын акцияларына Елисеев менен байланышы бар «ESTER HOLDING CORP.» компаниясынын ээлик кылышы канчалык мыйзамдуу экендиги боюнча Башкы прокуратурага кайрылган.

Эске сала кетсек, Алексей Елисеев Кыргызстандын өнүгүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин жетекчисинин орун басарлыгын аркалаган. 2010-жылдагы апрель коогалаңынан кийин Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгон. 2010-жылы 25-августта Башкы прокуратура ага карата кылмыш ишин козгогон болчу.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.