УКМК: Елисеевдин мыйзамсыз жол менен тапкан 120 млн сому мамлекетке кайтарылды

Окуялар тизмеги, Өлкө 23 Ноя 2019 09:27
0 ой-пикир

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин жакыны болуп саналган адвокат Алексей Елисеевдин пайдасына Кыргызстандан 120 миллион сом чыгарып кетүү аракети көрүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Елисеев Инвестиция, инновация жана өнүгүү боюнча борбордук агенттикте (ЦАРИИ) жетекчисинин орун басары болуп турганда «Кристалл» ишканасында активдери болгону мыйзамсыз жол менен табылган мүлктү мамлекеттин эсебине чегерүү иштеринин алкагында аныкталган.

Ишканадагы банкрот процедурасы жүрүп жаткан кезде Экономика министрлигинин айрым кызматкерлери Елисеевге карата сот өкүмү чыкканын билип туруп, анын пайдасына 120 миллион сомду чыгарып кетүүгө аракет кылышканы айтылды.

Бул факт Жазык кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен каттоого алынды. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өкүмүн ишке ашыруунун алкагында бул сумманын 67 миллиону мамлекетке чегерилди.

Алексей Елисеев 2010-жылы бийликтен кулатылган Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин эң жакын өнөктөштөрүнүн бири болгон. Ал апрель ыңкылабынан соң өлкөдөн чыгып кеткен. Елисеевге карата бир нече кылмыш иши козголуп, сыртынан узак мөөнөткө соттолгон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.