Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу депутаттык комиссия түзүү сунушталды. ВИДЕО

Окуялар тизмеги, Өлкө 21 Ноя 2019 11:44
0 ой-пикир

Түркияда атып өлтүрүлгөн ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча кандайдыр бир саясий оюндар башталды. Азыр анын өлүмүн башка жакка буруу, коомчулуктун арасында башкача пикир жаратуу аракеттери жүрүп жатат. Ошондуктан, биз депутаттык комиссия түзүп, анын өлүмүнүн чыныгы себептерин жана ага кимдердин тиешеси бар экенине иликтөө жүрүгүзүп, кандайдыр бир жыйынтык чыгарышыбыз керек. Бул тууралуу депутат Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

Мындай демилгени депутаттар Жанар Акаев менен Төрөбай Зулпукаров да колдоду. Алардын пикиринде, Саймаитинин табышмактуу өлүмү, Кыргызстандын Стамбулдагы консулу Эркин Сопоковдун эл аралык издөөдө жүргөн адам менен байланышы өлкөнүн аброюна көлөкө түшүрдү.

Депутат Алтынбек Сулайманов ушу тапта «Бир Бол» парламенттик фракциясынын Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча депутаттык комиссия түзүү жөнүндө чечими даярдалып жаткандыгын айтып, депутаттарды бул чечимди колдоп берүүгө чакырды.

Төрага Дастанбек Жумабеков мындай комиссия түзүүгө каршылыгы жок экенин, маселе добуш берүү аркылуу чечилерин билдирди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.