Жашоого умтулган эки беттүү мышык дүйнөнү таң калтырууда — ВИДЕО

Бул кызыктуу!, Видео, Окуялар тизмеги 14 Ноя 2019 11:54
0 ой-пикир

АКШнын Калифорния штатында эки беттүү мутант-мышык төрөлгөн. Анын аты Дуо. Бул жөнүндө InsideEdition.com сайты жазган.

Мышыктын денесинде төрт көзү, мыёлой ала турган эки оозу, жыт сезе алган эки муруну бар. Бул оорунын аты дипрозопус жана аны менен жабыркаган жаныбарлар бир нече күн эле жашайт.

Бирок Дуонун туулганына төрт ай болду. Туулганда энеси карабай кеткендиктен Нью-Йорктогу мышыктардын ооруканасынын ветеринары Ральф Тран аны сактап калган.

Трандын айтуусунда, Дуо өзү теңдүүлөргө караганда алсыз. Бир убакта эки оозу менен тең тамак жегиси келет. Андыктан тамак жегенди үч айда үйрөнгөн.

Дуонун Фейсбукта өз атынан ачылган баракчасы, анда 28 миң катталуучусу бар. Доктор Тран анын абалы, дарыларына кеткен каражат тууралуу маалыматтарды бөлүшүп турат.

“Келечекте эмне болорун билбейбиз. Бирок Дуонун жашоого болгон умтулуусу абдан күчтүү ”,-дейт ал.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.