Бүгүн Кыргызстан жана Япониянын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттешинде япон футболчулары эки гол киргизип жеңишке жетишти.
2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында болгон беттештин 39-мүнөтүндө Кыргызстандын дарбазачысы Кутман Кадырбеков япон футболчусуна карата орой ойноду деген негизде айып тобун тебүү дайындалды. Бул мүмкүнчүлүктү Такуми Минамино колдон чыгарган жок.
Экинчи тайм башталганда беттештин 53-мүнөтүндө Япониянын эсебине Генки Харагучи 2-голду жазды.
Эске сала кетсек, 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычы 5-сентябрда башталган. Кыргызстан F тайпасында Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен ойноп жатат.
Буга чейин кыргызстандык футболчулар Тажикстанга 0:1 эсебинде утулуп, Мьянманы 7:0, Монголияны 2:1 эсебинде уткан.