Эртең, 14-ноябрь күнү Кыргызстан менен Япониянын футбол боюнча беттешүүсү күтүүлүдөө. Футбол федерациясы бул оюнга 18 миңден ашуун билеттердин сатылганын билдирди.
Ал эми Япониянын курама командасы 11-ноябрда Бишкекке учуп келип, «Дордой» спорт комплексинде өзүнүн алгачкы машыгуусун өткөрдү. Баарын таң калтырганы, япон футболчулары машыгуудан кийин кийим чечилүүчү бөлмөнү өздөрү тазалап кеткендиги болду.
Ошондой эле социалдык тармакта тараган видеодон Япониянын курамасы машыгуудан кийин спорттук бут кийимдерин тазалап, кийим чечилүүчү бөлмөгө жылаңайлак кирип жаткандыгын көрсө болот.
Эске сала кетсек, Кыргызстан-Япония оюну 2022-жылы Катарда өтө турган Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында өтөт. Буга чейин кыргызстандык футболчулар Тажикстанга 0:1 эсебинде утулуп, Мьянманы 7:0, Монголияны 2:1 эсебинде уткан.
2022-жылкы Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан F тайпасында Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен ойноп жатат.