ВИДЕО: Венеция шаары суу астында калабы?

Аалам, Видео, Окуялар тизмеги 13 Ноя 2019 17:05
0 ой-пикир

Италиянын Венеция шаарында суунун деңгээли соңку 50 жылдан бери болуп көрбөгөндөй деңгээлге көтөрүлгөнүн «Азаттык» жазып чыкты.

Маалыматка караганда, суунун деңгээли 187 сантиметрди түзгөн. Акыркы жолу суу 1966-жылы эң катуу ташкындаганы, анда 198 сантиметрге чейин көтөрүлгөндүгү айтылат.

Ташкындын айынан шаардын 90 пайызы, анын ичинде тарыхый жайлардын баары суу алдында калды. Ыйык Марк аянтындагы суунун бийиктиги бир метрге жетти.

Жергиликтүү басылмалар табыгый кырсыкта 78 жаштагы бир адам өлгөнүн жазып чыгышты. Ага ылайык, улгайган адамдын үйүнө суу кирип, аны электр тогу урган.

Венециянын мэри Луижи Бруньяро кырсыкты климаттын өзгөрүшү менен байланыштырды.

Кээ бир адистер кайсы бир убакта Венеция толугу менен суу астында калышы ыктымал экенин эскертип жүрүшөт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.