Футбол: Кыргызстан менен Жапониянын таймашына күйөрмандар үчүн кошумча аянтча болот

Окуялар тизмеги 13 Ноя 2019 08:35
0 ой-пикир

Кыргызстан менен Жапониянын Бишкекте өтө турган футбол таймашына бардык билеттер сатылып бүттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясы билдирди.

«Тилекке каршы, биздин стадион бул оюнду көргүсү келген бардык каалоочуларды батыра албайт, ошондуктан күйөрмандар үчүн кошумча аянтча болот», деп айтылат федерациянын билдирүүсүндө.

Белгилей өтсөк, 2022-жылы Катарда футбол боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Ага тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан менен Жапониянын курама командаларынын беттеши Бишкекте 14-ноябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болот.

Буга чейин Кыргызстан менен Жапониянын Бишкекте өтө турган футбол боюнча беттешине айрым билеттер сатыкка чыкпай калганына нааразы болгондор айтылган.

Футбол күйөрмандары билдиргендей, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун чок ортосундагы орундуктардын билеттери сатыкка чыккан эмес. Тагыраагы — чыгыш тарабындагы төртүнчү жана ага каршы жайгашкан 19-сектордун билеттери.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.