Актриса Нурия Алимбаева каза болду

Окуялар тизмеги 13 Ноя 2019 12:03
0 ой-пикир

Ош улуттук драма театрынын актрисасы Нурия Алимбаева узакка созулган оорудан кийин дүйнө салды. Бул тууралуу анын кесиптеши Дамирбек Нарматов билдирди.

“Сахнада, кинодогу жараткан образдары режиссёрдун тапшырмасынан да жеткире аткарган мыкты кесипкөй инсан эле. Сени менен дагы көп тасмаларда иштейбиз деген максаттарыбыз бар эле”,- деп жазган Нарматов.

Нурия Алимбаева 41 жашта болчу. Артында бир кызы калды.

Маркумду акыркы сапарга узатуу тажиясы 13-ноябрь саат 14:00дө Кара-Суу районунун Мамажан айылында өтөт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.