«Менин абийирим таза, ал үчүн Бакиевге ыраазымын». Акаев жөнүндө тасма тартылды

Видео, Окуялар тизмеги 12 Ноя 2019 13:58
0 ой-пикир

Белгилүү шоу-вумен, телеалпаруучу Ассоль Молдокматова Кыргызстандын мурунку президенти Аскар Акаевден интервью алды. Ал маектешүүнү Youtube-каналына жарыялаган. 

Тасма Акаевдин 75 жылдыгына карата тартылып, анда анын жашоосу жана илимий ишмердиги тууралуу сөз болот. Анда качкын президент өзүнүн ойлору жана эскерүүлөрү менен бөлүшөт.

Аскар Акаевдин айтымында, ал жетектеп турган кезде өлкө демократия аралчасы жана реформалардын лидери катары таанылып, ошол себептен республикага инвесторлор келе баштаган. Ошол маалда мамлекетте жаралган көйгөйдүн баарына Акаев «саясий элитаны» күнөөлөйт.

Акаев  Кыргызстан элинин алдында абийири таза экенин баса белгилейт.

«Материалдык байлык таба алышпай, валюталык активдерди издеп башташкан. Белгилүү изкубар Либерманды жалдашып, Бакиевдин өтүнүчү менен ФБР да жардам көрсөткөн. Мени актап чыгышты деп эсептейм. Менин абийирим таза, мен ал үчүн Бакиевге ыраазымын. Ушундай жол менен болсо да, ал менде эч кандай валюталык актив жок экенин далилдеди», — дейт Аскар Акаев.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.