ВИДЕО: Чоргосу көрүнбөгөн суу аккычты «Кудайдын кудурети» деген жаран талкууга алынды

Бул кызыктуу!, Окуялар тизмеги 10 Ноя 2019 11:43
0 ой-пикир

Ош облусунун Кара-Суу районундагы чайканалардын биринин короосундагы чоргосу көрүнбөгөн суу агып жатканын жаран видеого тартып алган. Видеонун автору чайкананын короосундагы суу тууралуу угуп, ишенбей өз көзү менен көрүү үчүн келгенин айтат.

«Кудайдын кудурети менен чоргосу жок эле нерседен суу чыгып жатат. Биз дагы укканыбызга ишенбей келгенбиз. Бирок Кудайдын керемети ушул экен, түтүгү жок эле суу чыгып жатат. Бул жерди тосмо менен курчап коюптур. Мунун көзгө көрүнбөй жүргөн ээси бар экен деп жатышат», — дейт белгисиз автор.

«Суу агып жаткан чорго айнек сымал тунук болгондуктан көзгө көрүнбөйт», «Мага акча төлөп берсе «Кудайдын кудуретинен» бешти жасап бермекмин» жана башка пикирлерин интернет колдонуучулары калтырышкан.

Чайкананын короосундагы «кудайдын керемети»

Булак: super.kg

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.