Кыргызстанда ундун баасы дагы жогорулады

Окуялар тизмеги, Өлкө 10 Ноя 2019 12:12
0 ой-пикир

Ноябрь айынын биринчи аптасындагы мониторингге ылайык, Кыргызстанда жогорку жана биринчи сорттогу ундун баасы дагы жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.

Буга чейин өкмөт жыл башынан бери биринчи сорттогу ундун килограммы 18,4 пайызга жогорулаганын айткан эле.

«Ун октябрь айында сентябрга салыштырмалуу килограммына 1,47 сомго (3,9 пайыз) кымбаттаган болчу. Ал эми бир жуманын ичинде дагы 40 тыйынга (1 пайыз) жогорулады», — деп айтылат билдирүүдө.

Ушул тапта жогорку сорттогу буудай уну Бишкек шаарында 39 сомго, Ош шаарында 51 сомго, Ноокатта 50 сомго, Балыкчыда 45 сомго, Чаекте 36 сомго, Токтогулда 37 сомго, ал эми Баткенде 39 сомго бааланып жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.