Ош: Балдарды тарбиялоо иштеринде дин кызматкерлери тартылат

Окуялар тизмеги, Өлкө 08 Ноя 2019 10:06
0 ой-пикир

Ош шаардык мэриясынын Социалдык өнүгүү бөлүмүнүн адиси Алишер Ажибаев дин кызматкерлерин эл менен тыгыз иштешүүнү улантууга чакырды. Калаанын Туран конушунда балдардын окуусун, жүрүм-турумун көзөмөлдөөгө арналган жыйында ал имамдарга ушундай кайрылуу жасаганын Муфтияттын басма сөз кызматы 7-ноябрда кабарлады.

Ажибаев элге үгүт-насаат айтып, таалим-тарбияны жакшыртууда дин кызматкерлери чоң салым кошорун белгилеген.

Ош шаардык мэриясы ушундай өңүттө жыйындар болуп жатканын тастыктады. Андай иш-чараларга мектеп директорлору, кварталдык комитет башчылары, жергиликтүү бийликтин кызматкерлери жана мечит имамдары чакырылат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.