Жүргүнчү ташыган автоунаалардын техникалык абалын текшерилип жатат

Окуялар тизмеги 07 Ноя 2019 17:44
0 ой-пикир

Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын кызматкерлери кыш мезгилинин алдында Чүй облусундагы жүргүнчү ташыган автоунаалардын техникалык абалын текшерип жатат. Бул тууралуу аталган мекемеден маалымдашты.

Инспекторлор маршруттук таксилердин бригадирлерине жумушка чыгаар алдында автоунаа жана айдоочу текшерүүгө алынышы шарт экенин айтып, машинанын ичи таза болушу керек деген тапшырма берген.

Инспекторлор айдоочулар менен жол эрежеси боюнча маектешип, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна байланыштуу эрежелерди айтып беришкен.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.