Ошто жылуулук 5-ноябрдан баштап берилет

Окуялар тизмеги, Өлкө 04 Ноя 2019 16:33
0 ой-пикир

Ош шаарында 5-ноябрдан тарта жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

«Аба-ырайынын кескин өзгөрүп, суук түшкөндүгүнө байланыштуу Ош шаарында 5-ноябрдан баштап жылуулук бериле баштайт. Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кол койду», — деп айтылат маалыматта.

Биринчи кезекте, жылуулук оорукана, мектеп, бала бакча жана турак үйлөргө берилет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.