Апта ичинде болгон орчундуу окуяларга сереп

Окуялар тизмеги, Статьялар 03 Ноя 2019 13:20
0 ой-пикир

Бул аптада коом талкууга алган өлкөдө жана дүйнөдө бир катар орчундуу окуялар болду: уранды казууга тыюу салуу, кыргыз милициясынын 95 жылдыгы, Илмияновдун соту, Ал-Багдадинин өлүмү ж.б.

«Elgezit.kg» редакциясы орчундуу окуяларга сереп салды.

Уранды казууга тыюу салуу

Жогорку Кеңеш «Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо максатында жер казынасын геологиялык изилдөө жана иштетүү менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө» мыйзам долбоорун үч окууда жактырды.

Мыйзамды кабыл алууну 110 депутат колдоп, депутат Азамат Арапбаев гана каршы добуш берди.

Мыйзам өлкөнүн баардык аймагында уран, торий кендерин чалгындоо максатында жер казынасын геологиялык изилдөө жана иштетүү менен байланышкан иштерге тыюу салат. Бул мыйзам күчүнө кирген күндөн тарта буга чейин берилген лицензиялардын иши токтотулат.

Мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин, уран кенин казууну баштаган инвесторлор кыргыз өкмөтү менен соттошорун айтып чыгышты. Алардын айтуусунда жүргүзүлүп жаткан иштер, колдонулуучу технологиялар тууралуу толук маалымат беришип, иш алып барууда экологиялык коопсуздук сакталаарын тастыкташкан.  Кызыл-Омполдо уран иштетүүнү баштап алган «ЮрАзия» комрпаниясы алдын ала эсептери боюнча, колдон чыгарган пайдасы 100 миллион доллардан ашканын белгилешти.

Кыргыз милициясына — 95 жыл

Кыргызстанда 1-ноябрь күнү кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгы белгиленди.

Президент ички иштер органдарынын бир катар кызматкерлерине кызматтык милдетин үлгүлүү аткаргандыгы, ошондой эле кылмыштуулукка каршы күрөшүү ишине жана коомдук тартипти камсыздоого кошкон олуттуу салымы үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Сыйлык алгандардын арасында Чүй облустук милициянын башчысы Самат Курманкулов да бар. Ал “Эрдик” медалы менен сыйланды. Курманкулов 7-август күнү Кой-Ташта болгон окуя маалында башынан жаракат алган.

Белгилей кетсек, кыргыз милициясы Кара-кыргыз автономиялуу облусунун революциялык комитетинин чечиминин негизинде 1924-жылдын 1-ноябрында түзүлгөн .

Укук коргоо органдарын реформалоо: Кайгуул милициясы ишке киришти

Бишкекте Кайгуул милициясы иштей баштады. Кайгуул милициясы шаардагы коомдук тартип, коопсуздук, ошондой эле жолдогу коопсуздукту карайт.

Бут тутум саны көп натыйжасынан майнап чыкпаган кезектеги укук коргоо тармагын реформалоонун жыйынтыгы болду. Аталган долбоордун максаты кылмыштуулукту азайтуу жана элдин милицияга болгон ишенимин бекемдөө, эл менен милицияны жакындатуу экендиги айтылат.  Милициянын кайгуул кызматы ички иштер органдарында иштебеген жарандар да тандалып алынган. Тандалган кызматкерлер 2019-жылдын 1-июлунан тартып ишке кириши расмий түрдө жарыяланган эле.

Иш жүзүндө Кайгуул кызматы 1-ноябрдан тарта ишке киришти. Жалпысынан аталган кызматты түзүү үчүн бюджеттен 381млн. сом бөлүнгөндүгү айтылат.

Ошол эле учурда, бир катар иликтөө жүргүзгөн жарандык уюмдар милицияга элдин ишеними дагы эле төмөн экенин белгилеп, тармакты жакшыртуу маселелерин такай көтөрүп келишет. 

Илмияновдун соту

Бишкектин Октябрь райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновду жети жылга камады. Илмияновдун жана анын жакындарынын үй-мүлкү конфискацияланды.

Ал Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү («Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык») менен күнөөлүү деп табылды.

Илмиянов күнөөсү жоктугун айтып, чыккан өкүм боюнча соттун кийинки инстанцияга кайрыларын жарыялады.

Жапырт иш таштаган дарыгерлер

Баткенде облустук оорукананын 48 дарыгери жумуштан кетүү үчүн арыз жазышты. Алар өз арызында айлык маянанын аздыгы, иштөөгө шарттын жоктугу, милдетүү медициналык камсыздандыруу мекемесинин жана башка органдардын негизсиз текшерүүлөрүнүн көптүгү сыяктуу ондон ашык себепти көрсөтүшкөн.

Баткен облустук ооруканасынын дарыгерлериин 92%ы иш ташташканы Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, депутаттар бул көйгөйдү бийлик бутактарына кагылган «коӊгуроо» деп баалашты.

Улукбек Жолдошбеков — күрөш боюнча Дүйнө чемпиону

Венгриянын Будапешт шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Улукбек Жолдошбеков алтын медаль тагынды.

Буга чейин, ушул жылдын март айында эркин күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасында өткөн Азия чемпионатында дагы ал биринчи орунду ээлеген.

Президент маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолукту

Президент Сооронбай Жээнбеков 2-ноябрда Кыргызстандагы Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугушту. Жыйынга өлкөдө аккредитациядан өткөн чет элдик медиа уюмдардын кабарчылары да катышты.

Жолугушуу 7-ноябрда белгиленчү Басма сөз жана маалымат күнүнө карата уюштурулуп, «суроо-жооп» форматында өттү.

Иш-чара эки сааттан ашык убакытка созулуп, президент 26 катышуучунун суроолоруна жооп берүүгө үлгүрдү. Андан соң баарлашуу бейформал маанайда улантылды.

Коомчулук үчүн маанилүү болгон бул жолугушууга 45 журналист чакырылган.

Шанхай Кызматташтык Уюмунун Ташкенттиги жыйыны

Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) курамындагы мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйыны Ташкент шаарында 1-2 ноябрда өттү. Жыйындын жыйынтыгы боюнча бир нече документке кол коюлду.

Жыйынга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышты.

«Ислам мамлекети» террордук тобунун лидери Багдади өлтүрүлдү

АКШ, Орусия, Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдө расмий түрдө тыюу салынган «Ислам мамлекети» уюмунун жихадчылар тобунун лидери Абу Бакр аль-Багдади америкалык атайын операциянын натыйжасында өлтүрүлгөнүн АКШ президенти Трамп атайын телекайрылуу менен чыгып жарыялады.

Аль-Багдадинин сөөгү деңизге чөктүрүлгөнү маалым болду.

Ал 1971-жылы Ирактын Самарра аймагында туулган. 2004-жылы америкалык аскерлерге каршы кутум уюштурган деген айып менен соттолгон. Эркиндикке чыккандан кийин көмүскө иш алып барган жихад уюмуна кошулуп, көп өтпөй аны башкарып калган.

Аль-Багдади 2014-жылы өзүн бардык мусулмандардын лидери — халиф деп жарыялаган. Анын жетекчилиги алдында «Ислам мамлекети» террордук тобу Ирак менен Сириянын аймактарынын кыйла бөлүгүн өзүнө каратып алган. Аль-Багдади өлтүрүлгөнү тууралуу кабар 2014-жылдан бери бир нече жолу тараганы менен ал маалыматтар тастыкталган эмес.

Бирок Кошмо Штаттардын Багдадини жок кылуу боюнча соңку операциясы Ирактын чек арасына жакын жерде эмес, Сириянын түндүк-батышындагы, Түркия менен чектешкен Идлиб провинциясында болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.