Апта ичинде болгон орчундуу окуяларга сереп

Окуялар тизмеги, Статьялар 27 Окт 2019 13:28
0 ой-пикир

Бул аптада коом талкууга алган өлкөдө жана дүйнөдө бир катар орчундуу окуялар болду: Атамбаевдин маселесинин каралышы, суунун кымбатташы, келерки жылы боло турган парламенттик шайлоолор, Япониянын жаңы императору ж.б.

«Elgezit.kg» редакциясы орчундуу окуяларга сереп салды.

Конституциялык палата Атамбаевдин маселесине чекит койду

Жогорку Кеңеш быйыл 27-июнда «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиги» жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизип, Алмазбек Атамбаевди экс-президент деген макамдан ажыраткан.

Азыркы убакта мурунку президентке бир нече оор кылмыштар боюнча айып тагылып, УКМКнын тергөө абагында кармалып жатат.

Атамбаевдин тарапташтары мурунку президентке «экс-президент» макамы 2017-жылы эле берилгенин жүйөө кармап, жаңы мыйзам артка иштебейт деп Конституциялык палатага кайрылышкан.

Жогорку соттун Конституциялык палатасы бул өтүнүчтү 23-24 октябрь күндөрү карап, Атамбаевдин макамын алуу Баш мыйзамга каршы келбейт деген чечим чыгарды.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо кайсы күнү болору айтылды

Кыргызстанда парламенттик шайлоону өткөрүү 2020-жылдын 4-октябрына белгиленди. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялады. Бул күн октябрь айынын биринчи жекшембисине туура келет.

КМШ мамлекеттеринин Өкмөт башчыларынын кеңешинин Москвадага жыйыны

Москва шаарында (Россия Федерациясы) өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев катышты Премьер-министр кыргыз тараптын демилгеси менен Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына которулуп жаткан акча каражаттарынын чектөө маселеси да талкууланганын белгиледи.

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгында 17 документке кол коюлду.

«Криминал Кыргызстанда баш көтөрдү»

Жогорку Кеңеште уюшкан кылмыштуу топтор баш көтөрүп, чет элдик жана жергиликтүү ишкерлерге кол салган учурлар көбөйүп кеткендиги боюнча маселе көтөрүлгөн.  «Мадина» кафесинин кожоюну  Хуфур Абдурахеманды уурдап, өлтүрүлгөндүгү жана «Манас» эл аралык аэропортунан унаанын багажында жансыз денеси табылган ишкер Хусан Каримов жөнүндө айтылган.

Айрым депутаттар мындай шартта өлкөдөн инвесторлор чыгып кетерин эскертип, маселени өкмөттүк деңгээлде кароону талап кылышкан.

Өкмөт башчысы мындай дооматка курулай саясатташтыруунун кереги жоктугун айткан. Ички иштер министрлиги чуулгандуу кылмыштар изи сууй электе ачылып жатканын, криминал коомчулукка коркунуч жарата турган деңгээлге чыкты дегенге негиз жок экенин билдирген.

Бишкекте таза суунун баасы кымбаттады

Бишкек шаарында 15-ноябрдан тарта муздак суунун жана канализациянын тарифи эки эсеге жакын жогорулады. Акыркы жолу сууга болгон тарифтер 2015-жылы өзгөртүлгөн. Анда ичүүчү суунун бир куб метри калк үчүн 5 сом 38 тыйынды түзгөн. Эми жаңы документке ылайык 8 сом 10 тыйынды түзөт.

Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдык мааракеси

Баткен облусунун Кадамжай районунда 26-октябрда көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүнүн башатында турган Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдык мааракеси белгиленди. Маарекенин өткөрүүнүн мааниси той-топур менен чектелбестен, анын башкы максаты кийинки муундарга мамлекеттүүлүктүн түптөлүшүнө жана калыптанышына салымы зор болгон инсандарды таанытуу экенин баса белгиленди.

Бул иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков катышты.

Турдакун Усубалиевдин 100-жылдык мааракеси

Борбордогу эски аянт Кыргыз ССРинин мамлекеттик ишмери Турдакун Усубалиевдин ысымын алды. Мындай чечимди 23-октябрда Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында шаардык кеңештин депутаттары кабыл алышты.

Ошондой эле Кыргызстандагы тоо чокуларынын бирине Турдакун Усубалиевдин ысмы ыйгарылды. 

Леонардо да Винчинин сүрөттөрүнүн Луврдагы көргөзмөсү

24-октябрда Париждеги Лувр музейинде Леонардо да Винчинин сүрөттөрүнүн көргөзмөсү ачылды. Ага он жыл даярдык көрүлгөн. Иш-чара сүрөтчүнүн өлгөнүнүн 500 жылдыгына арналган.

Көргөзмөдө да Винчинин 160тан ашуун эмгеги коюлган. Алардын айрымдары Луврга убактылуу берилген. Виртуалдуу технологиянын жардамы менен сүрөтчүнүн чыгармаларындагы көзгө көрүнбөгөн деталдарды көрүүгө да мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Гонконгдогу элдин жеңиши

Кылмышка шектүүнү Кытайга экстрадициялоо тууралуу мыйзам долбоорун Гонконг расмий түрдө чакыртып алды. Аталган мыйзам долбоору июнь айынан бери элдин нааразылыгын жаратып, жарандардын ири акцияларга чыгышына себеп болгон.

Мыйзам долбоорунан башталган нааразылык демократиялык реформаларды талап кылган жүрүштөр менен коштолгон. Гонконгдун бийлиги «мыйзам долбоору эми каралбайт» дегенине карабастан, нааразылык токтогон эмес жана митингчилер аны биротоло чакыртып алууну талап кылышкан.

Япониянын жаңы императорунун такка отуруу аземи

22-октябрда Токио шаарында Япониянын жаңы Императору Нарухитонун такка отуруу аземи болуп өттү. Иш чарага мамлекеттер башчылары, түрдүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер болуп 2 миңден ашуун коноктор катышты. Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков да аталган салтанатка катышкан.

Эске сала кетсек, 85 жаштагы император Акихито ден-соолугуна жана жаш курагына байланыштуу кызматын аркалай албай калган үчүн тактыдан баш тарткан. Ал такты 59 жаштагы уулу Нарухитого өткөрүп берген. Нарухито — Япониянын 126 императору.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.