Тилек Омеркулов: «Элдин кишиси болгонума чоң апамдын батасы тийди»

Интервью, Статьялар 22 Окт 2019 16:25
0 ой-пикир

ТИЛЕК ОМЕРКУЛОВ: «ЭЛГЕ КЫЗМАТ КЫЛЫП, ЭЛДИН КИШИСИ БОЛГОНУМА ЧОҢ АПАМДЫН БАТАСЫ ТИЙДИ ДЕП ОЙЛОЙМ»

Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына карата…

Эл менен эң жакындан иштеп, алардын көйгөйүн чечип келе жаткандар милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрү экенин эч ким тана албастыр. Мына ошол татаал, түйшүктүү кесип ээлери аркылуу жалпы карапайым калк милицияны таанып билет, милициянын ишине баа берет. Бизде бүгүн конокто мына ошол эл кызматын аркалап келе жаткан кесипкөй адистердин бири — Октябрь РИИБдин милициянын улук аймактык ыйгарым өкүлү, милициянын капитаны Омеркулов Тилек Сарылбекович. Кеп тизгинин Тилек мырзанын өзүнө берели.

АРУУ КЫЯЛЫМ ЖЕТЕЛЕП МИЛИЦИЯГА КЕЛГЕНМИН

…Менин ааламга кеткен жолум Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылынан башталган. Үй-бүлөдө төрт бир тууганбыз: Турат, Талант, Тимур деген ага-инилерим бар. Айылда жолдун чаңын асманга сапырып ойногон, балдар менен далай мушташкан, алтургай милициянын каттоосуна түшүп калган убактар өттү го. Орто мектепти окуп жүргөндө «Чоңойгондо кайсыл кесиптин ээси болосуң?» деген суроо ар бир эле окуучуга берилсе керек, мен андай убакта милиция болорумду жар салаар элем. Чындыгында жүрөгүмдүн түпкүрүндө ошондой аруу кыял жашап келээр эле. Мектепти артыкчылык күбөлүгү менен аяктагандан кийин КГУСТАны бүтүрүп чыктым. Кесибим башка болгону менен жүрөктөгү аруу кыялым жан дүйнөмө тынчтык бербей туруп алды. Ошентип сезимимдин жетегинде 2009-жылдын күз айында Чүй ОИИББнын Кайгуул-күзөт батальонуна келип кирдим.

«АТАБЫЗДЫН» АКЫЛ-НАСААТЫН ЭЧ КАЧАН УНУТПАЙМ…

…«Милиция кызматына киргенде алгач кыйналдым» деген айрым кызматкерлерди көрүп-билип жүрбөйбүзбү, мен болсо эч кандай кыйынчылыктарга тушуккан жокмун дээр элем. Кызматка киргенден 2-3 күн өтпөй колубузга оор кылмыш жасап качып жүргөн кылмышкер тууралуу ориентировканы карматышты. Кант шаарында кайгуулда жүргөн жерибизден өнөктөштөрүм менен ошол кылмышкерди кармаганыбыз -менин милиция кызматындагы алгачкы ийгилигим болду окшойт. Кайгуул-күзөт кызматы абдан күчтүү мектеп, бул кызматтан таалим-тарбия алып чыккан милиционерлер башка кайсыл гана кызмат болбосун, артылган жүктү оңой тартып кете алышат деп айтат элем. Ошол кездеги биздин жетекчибиз («атабыз» деп айтып коер элек) Тыныч Качагановдун бизге акыл-насаатын айтып, көп нерсени үйрөтүп, туура жолго тарбиялап келгенин алигүнчө эстеп келем…

МЫКТЫ НАСААТЧЫ — ИЙГИЛИККЕ ҮЗӨҢГҮЛӨШ…

Октябрь РИИБдеги эмгек жолумду 2012-жылы январь айында аймактык тескөөчү болуп баштагам. Алгач №5, андан кийин №4 шаардык милиция бөлүмдөрүндө иштеп жүрүп, 2015-жылдан баштап милициянын улук аймактык ыйгарым өкүлү кызматын аркалап келүүдөмүн. Негизи эле мыкты насаатчыларга туш келсең, «фундаментиң» мыкты куюлуп дегендей, иштин көзүн илгиртпей билип, ийгилик жолуна түшөрүң турмуш чындыгы. «Атабыз» Тыныч Качагановдон кийин милициянын полковниги Мелис Жолчиевдин насааттарын угуп, аймактык тескөөчүлүктүн сырларын өздөштүрдүм.

ЖАН ДҮЙНӨМӨ ЖАККАН ИШ…

Мен өзүм чоң апамдын колунда өскөн жигитмин. Чоң апам кыраакы, эрки күчтүү, кыйын аял болчу. Ал киши дайыма: «Элге кызмат кылган элдин кишиси болгун!» деп бата берээр эле. Мына ошол чоң апамдын батасы тийип элдин кишиси болдум го деп ойлойм, анткени элге жардам берип, элдин муктаждыгын, көйгөйүн чечип берүү — менин жан дүйнөмө жаккан иш. Мен деле башкалар сыяктуу башка кызматка кетип калсам болмок, бирок мага эл менен таанышып, эл менен иштөө жагат. Кимдир-бирөөгө жардамым тийип, ал кишинин батасын, ыраазычылыгын алсам – мен үчүн чоң жетишкендик. Жумуш күнүбүз эртең менен саат 8де башталып, түнкүсүн саат 10дордо аяктайт. Иште бир багытта иш алып бара жатсаң, экинчи бир жумуш дайындалышы же курчоого, чакырууга чыгып калышың мүмкүн. Ага карабай тагылган милдетибизди, тапшырмабызды так аткарганга аракет кылып келебиз.

КЕСИПТЕШИМ КУРМАН БОЛГОНДО КЕТКИМ КЕЛИП…

Бул жашоонун ачуусу да, таттуусу да бар деп бекеринен айтылбаган чыгар. Кызмат өтөп жүргөн жылдарда кесиптешим Абдувалиев Актилек карөзгөй кылмышкердин огунан курман болгондо турмуштун ачуусун таттым десем болот. Менин атым Тилек болсо, анын аты Актилек эле, «Байкелеп» кеңеш сурап жанымда жүргөн жапжаш жигит эле. «102» кызматына «Актилекти атып кетиптир» деген кабар түшсө, элдин баары мени деп ойлошуптур… Күлгүн курагында курман болгон кесиптешимдин өлүмү мага абдан оор тийип, милициядан кетип калгым келген учурлар болду…

«ЖОГОЛДУ» ДЕГЕН КЫЗ 9-КАБАТТА УКТАП КАЛЫП…

Аймактык тескөөчүлөр папка көтөрүп көчөгө чыккан мүнөттөн баштап тарых башталат дегендей, менин тажрыйбамда эсте калган учурлар абдан эле көп. Бир жолу мен тейлеген аймактан 6 жашар кыз жоголуп, түнкү саат бирлерге чейин ызы-чуу болуп издеп таппадык. Карабаган жерибиз калбады. Ал кыздын үй-бүлөсү 6-кабатта жашашчу эле. Мен кыздын атасынан үйдүн подьездин карадыңарбы десем «Ооба» деди, үстүңкү кабаттардычы десем «Жок» деп атпайбы. Айткандай эле жоголгон кыз 9-кабатта уктап жаткан жеринен табылды анан. Бул окуя күлкүлүү болгону менен, милицияга канчалаган түйшүк алып келбеди дейсиз?!

Милициянын ар бир күнү эле кооптуу дейт элем. 2013-жылы чакыруу түшүп, өнөктөшү жок өзүм бардым окуя болгон жерге. Барсам үй ээсинин баласы менден бою эки эсе бийик неме экен, үйдөгү буюмдардын баарын талкалап, ызы-чуу кылып атыптыр. Энесин сөгүп аткан неме милицияга баш иймек беле, бир кезде мени көздөй жулунду. Самбонун ыкмаларына салып, ызырынган немени жүгөндөгөнүм эсимде…

ИШЕНИМ КАНТИП ЖАРАЛАТ

Ички иштер органдарынын приоритеттүү багыттарынын бири элдин милицияга болгон ишенимин бекемдөө, жогорулатуу деп келебиз. Ал үчүн мен элдин үнүн уга билүү керек дээр элем. Арыз берген адамдын иши кандай карала турганын ага жакшылап түшүндүрүү керек, анткени азыр биз жаңы мыйзамдар, кодекстер менен иш алып

барып жатпайбызбы, ал эми элдин түшүнүгү мурунку бойдон эле калган. Экинчиден, жаран ички муңун айтып жатканда эч качан басып кетпеш керек, аны аягына чейин угуу керек. Кимдир-бирөөгө ак дилден жардам бергениң эч качан жерде калбайт, ал адам «Биздин участковый минтип жардам берди» деп айланадагы тааныштарына, жакындарына айтат. Мына ошентип ишеним жаралат.

ӨРГӨ ТҮРТКӨН ӨНӨКТӨШ

Жалгыз милиционер эч качан ишти толук кандуу жүргүзүп кете албайт, айтайын дегеним кызматтагы өнөктөштүн ролу чоң. Суткада 24 саат болсо, анын 20сын дал ошол өнөктөш менен өткөрөсүң. Учурдагы менин өнөктөшүм милициянын капитаны Рустам Берикбаев өз ишинин адиси, чоң жардамчым. Былтыры адам өлтүрүү фактысы изи сууй элегинде ачылды, андан сырткары шаар боюнча велосипед уурдап жүргөн жаранды кылтакка түшүрдүк. Ал адам тарабынан 30дан ашуун уурулук жасалганы такталды. Мына ушул ачылган кылмыш иштери ж.б. менин 2018-жылдын жыйынтыгы менен «Жылдын мыкты милициянын аймактык ыйгарым өкүлү» наамын алуума шарт түздү.

Карина АКИМОВА

Сүрөттөрү Данислан АСАМИДИНОВдуку

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.