Арстан Алайдын тарапташтарына 3 миң сом айып салынды

Окуялар тизмеги 22 Окт 2019 13:10
0 ой-пикир

Арстан Алайдын тарапташтарына 3000 миң сомдон айып пул салынган. Алар коомдук тартипти бузуп, милиция кызматкерлеринин талаптарына баш ийбегендиктен асылган. Бул тууралуу укук коргоочу Рита Карасартова билдирди.

Анын айтымында, алар айып пулун мыйзамсыз деп Биринчи Май райондук сотуна кайрылышкан. Бирок судья ооруп калып, ооруканага кеткен. Тарапташтарынын арасында медиктер да бар.

Эске салсак, Арстан Абдылдаев «Некст. ТВ» каналында өзүнүн телеберүүсүндө «Мен Кудаймын» деп айткан. Анын тарапташтары Ак үй алдында пикетке да чыгышкан. Турсунбай Бакир уулу Арстан Алайды Тарых музейине өткөрүп берүүнү да чечип, аны жолугушууга чакырган, бирок ал күнү музей иштеген эмес.

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Ормонов ысымы аталган адамга чара көрүү сунушун киргизген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.