9 күндөн бери изделип жаткан бельгиялык туристтер табылды

Окуялар тизмеги, Өлкө 18 Окт 2019 13:55
0 ой-пикир

Ысык-Көлдө дайынсыз жоголду деген Бельгиянын эки жараны табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен белгилешкендей, аларга Бельгиянын 35 жана 32 жаштагы 2 жараны 9-октябрь күнү Каракол шаарындагы «Экстрим-Тур» дүкөнүнөн альпинисттик шаймандарды ижарага алып, Каракол капчыгайы аркылуу Ала-Көл көлүнө кетишкен бойдон дайынсыз жок болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Издөө иштерине 5 куткаруучу тартылган.

17-октябрда саат 21:00дө Бельгиянын Кыргызстандагы консулдугу, аталган жарандар аман-эсен табылганын билдирип, издөө иштерин токтотууну суранган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.