Жалал-Абаддагы жөө жүрүш: “Темир бетон” заводунун жумушчулары мүлк фондуна нааразы

Окуялар тизмеги, Өлкө 17 Окт 2019 14:41
0 ой-пикир

“Жалал-Абад Темир бетон” заводунун кызматкерлери жөө жүрүшкө чыгышты. Алар “Ишкерлерге бут тосуу токтотулсун”, “Ишканага электр жарыгы берилсин” жана “Элдик” ишканасынын жетекчиси Алексей Апиев жумуштан кетсин” деген жазуусу бар плакатарды көтөрүп, талаптарын билдирүүдө

Заводдун директору Бакыт Борошевдин айтымында, мамлекеттик органдар заводдун иштешине тоскоолдук кылып жатат.

“2017-жылы келишимдик негизде ушул заводду ижарага алганбыз. Талкаланган, ичинде эч нерсеси калбаптыр. Миллиондогон акчага тетиктерди сатып алдык. Мурун 46 жумушчу гана болсо, азыр 103кө көбөйдү. Шаардагы жеке компаниялар ичинде мамлекетке жакшы салык төлөгөн алдыңкы мекеме болдук. Айына мамлекетке миллион сомго жакын төлөмдөрдү берип жатабыз. «Элдик» ишканасы келишим бүттү деп бизди чыгарган жатат. 10 күн мурда электр энергиябызды өчүртүп коюп, жумушсуз калдык. Бизге иштөөгө убакыт бергиле, андан соң бошотуп беребиз деп билдирдик” – деди Борошов.

Чогулгандар завод алдынан облустук администрацияга чейин жөө жүрүшкө чыгышкан. Аларды шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери токтотуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн соң, акциясын убактылуу мөөнөткө токтотушту.

Ошол эле учурда, Мамлекеттик мүлк фондуна караштуу болгон «Элдик» мамлекеттик ишканасы өз кадамдарын мыйзамдуу деп эсептеп, прокуратурага кайрыла турганын билдиришти.

Белгилей кетсек, ушул «Элдик» ишканасынын мурдагы кожоюну Кадыржан Батыров 2010-жылы июнь окуясына күнөөлүү деп табылып, сыртынан өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган.

Андан соң 2011-жылы бардык мүлкү соттун чечими менен конфискацияланган. Анын негизинде Батыровго жана жубайы Карамат Батыровага таандык 28 объект камакка алынып, кийин соттун чечими менен мамлекеттин пайдасына өткөрүлгөн. Андан соң Мамлекеттик мүлк фондунун карамагында «Элдик» ишканасы уюштурулуп, мүлктөрдү башкаруу ошол ишканага берилген

Булак: Калыс Медиа

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.