ИИМ: Атамбаевдин жан сакчысынан унаа алган жокпуз

Окуялар тизмеги 09 Окт 2019 09:37
0 ой-пикир

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги «Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Баткендин күч органдарына эки автоунаа белек кылды” деген маалыматты төгүндөгөн билдирүү таратты.

Мекеменин сайтына Баткен милициясына таянып жарыяланган маалыматта интернетте тарап жаткан кабар чындыкка дал келбеси айтылат.

“7-октябрда болжол менен кечки саат алтыда Баткендин Кадамжай районунда милиция кызматкерлери документ текшерүү үчүн Э.Мамбеталиев аттуу жаранга тиешелүү 09KS822AAI жана 09KS820AAI номерлүү эки «CHEVPOLET-SUBURBAN» машинаны токтоткон. Учурда Кадамжай ИИБ кызматкерлери бул автомашиналарды текшерип жатат” деп айтылат билдирүүдө.

Учурда интернеттеги социалдык түйүндөрдө жана айрым маалымат агенттиктеринин сайтында “Эркин Мамбеталиев күч органдарына автоунаа белек кылды” деген кабар тарап жатат. Андагы сүрөттөрдөн Мамбеталиев жана бир нече адам эки жолтандабастын жанында алакан жайып бата тилеп жатканын көрүүгө болот. Ошол эле жерде милициянын формасын кийген кызматкер колуна фотоаппарат алып, окуяны сүрөткө тартып жатканы бар.

Бул сүрөттөрдүн аныктыгы расмий тактала элек.

Эркин Мамбеталиев 1990-жылдары Мамлекеттик күзөт кызматында иштеген. 2000-жылдардын башында Алмазбек Атамбаевдин жеке жан сакчысы болгон. 2008-жылы Жогорку Сот анын үч адамдын өлүмүнө катыштыгы бар деп өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыраткан. 2010-жылы апрель ыңкылабынан кийин Мамбеталиев түрмөдөн чыккан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.