Кечээ, 3-октябрда Кой-Таш окуясы боюнча түзүлгөн комиссиянын чогулушунда УКМКнын мурдагы башчысы Феликс Кулов да катышты.
Феликс Кулов Кой-Таштагы окуя боюнча өз оюн билдирди.
Куловдун пикиринде, эгер Атамбаев өз учурунда туура чечимдерди кабыл алса, ал баатыр катары тарыхта калып калмак.
«Экс-президент аны суракка чакырса, барыш керек болчу. Ал айтышы керек болчу: «Силер мени камаганы жатасыңарбы же күбө катары чакырып жатасыңарбы? Макул, мен келем» деши керек эле. Эгер аны камакка алышса, анын айта турчу сөздөрү болот эле. «Эми мени алдап, күбө катары чакырып камап коюшту» десе ал баатыр болмок. Ал бул жолду тандабастан, андан качып, үйүнө бекинип жатып алды», — деген оюн ортого салды Феликс Кулов.
Ошондой эле, Кулов Кой-Ташка чабуул жасалганда эмне кылыш керек экенине да токтолду. «Чабуул жасалганда эле, Атамбаев дароо эл алдына чыгыш керек болчу. Эгерде аны ошол жерден эле кармап кетишкенде, ал да өз баатырдыгын көрсөтө алмак», — дейт Кулов.