ВИДЕО: Андрей Малахов кыргыздарды кемсинтти

Видео, Окуялар тизмеги 25 Сен 2019 15:19
5 ой-пикир

24-сентябрь күнү Орусиянын «Россия 1» телеканалында белгилүү телеалпаруучу, шоумен Андрей Малаховдун «Прямой эфир» көрсөтүүсү миллиардер Александр Маруговдун уулу Владимирдин жол кырсыгынан каза болгонуна арналды. Бул жол кырсыгына кыргызстандык Исламбек Акбаров аттуу таксист күнөөлөнүүдө.  Эске салсак, 2019-жылы 8-июлда Владимир Маругов Москва шаарынын көчөсүндө мотоцикл айдап баратып, Исламбек Акбаров башкарып бараткан такси унаасын сүзүп, окуя болгон жерден көз жумган.

Көрсөтүүнүн алып баруучусу Андрей Малахов талкуу учурунда бул жол кырсыгы кокустук эмес, буюртма киши өлтүрүү болушу мүмкүн экендигин айтты. Анын божомолун студиянын айрым коноктору кубаттап, колдоп кетишти. Ал эми маркумдун апасы Татьяна Маругова муну колдобой, уулунун өлүмү кокустук экенин айтса да көрсөтүүнүн коноктору аны ишендирүүгө аракет кылышты.

Көрсөтүүнүн аягында Малахов көрсөтүүнүн конокторун кыргызстандык таксист тарапка ачык эле көкүтүп баштады. “Рулда 20 жаштагы “балапан” болгон. Ал башка өлкөдөн келип алып, эки ай таксиде иштеген. Ага 100 миң доллар берсең, ал акча анын бүт үй-бүлөсүн, бүт айылды, тууган уругун бактылуу кылат. 10 долларлык айлык алган алар өмүрүнүн аягына чейин мынча акча таба алышпайт”, -дейт Малахов.

“Эксперттер” да Малахов тарапка өтүп алышып, Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин юристи менен Акбаровдун жактоочусуна сөз бербөөгө аракет кылышты.

Бул көрсөтүүдөн кийин көпчүлүк кыргызстандыктар интернет тармагында алып баруучуга жана телеканалдын жетекчилигине нааразычылыгын билдирип жатышат.

Мындан улам, биздин жаш улан-кыздарыбыз башка өлкөгө тентип кетпей, мекенинде бийликтегилер жумуш орундарын түзүп берсе, татыктуу айлыгын алып жүрмөк. Өлкөдө шарт жок, жумуш жок болгондугуна байланыштуу кыргыз мигранттары ар кандай сыноолорго кабылып жатышат.

5 ой-пикир “ВИДЕО: Андрей Малахов кыргыздарды кемсинтти

  1. Жоробек

    Андрей Малахов көтү богу арчып алсын
    Бул өзү жаман киши бирөө акча берсе ошол жакка оп кете берет бирөө акча бербесе анын жамандап

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.