Абдил Сегизбаев: Кой-Ташка Атамбаевди моралдык жактан колдоо үчүн барганмын

Окуялар тизмеги 20 Сен 2019 11:06
0 ой-пикир

7-8-августта Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйыны 19- сентябрда болуп өттү.

Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин маалыматын угушту .

Сегизбаев Кой-Таштагы мурдагы президент Атамбаевди кармоо учурунда бутуна кандайча желим ок тийгенин айтып берди.

«Мен барсам кагылыш болуп жаткан экен. Бир жагында жаш балдар, экинчи жагында камфуляж кийгендер экен. Ал убакта биз атайын бөлүк келгенин билген жокпуз. Ок атып жатышты. Айылдаштарыма «таш ыргытпагыла» деп айттым. Жоокер балдарга да «атпагыла» деп кыйкырдым. Андан кийин эле кулак тундуруучу эки граната жарылды. 10-15 секунда өтпөй бутума ок тийди. Ошол бойдон мени алып чыгып кетишти. Болгон окуя ошол».

УКМКнын мурдагы төрагасы Кой-Ташка бир нече жолу барганын өзүнүн жарандык позициясы, мурдагы президентке болгон моралдык колдоосу катары түшүндүрдү.

Комиссия мүчөлөрүнүн суроосуна жооп берип жатып, Сегизбаев Атамбаевдин тарапташтарына бир жолу мал союп бергенин ырастады.​

Комиссиянын мүчөсү Исмаил Исаков Сегизбаевдин Атамбаевдин тарапташтарына мал союп бергенин моралдык эмес, материалдык колдоо деп эсептей турганын белгиледи:

«Моралдык колдоо деп «сен духунду көтөр, башыңды ийбе» дегенди айтабыз. Азыр эле өзүңүзгө каршы чыгып «мал сойдум» деп айттыңыз. Бул каржылык жактан колдоо болуп атпайбы? Ал «мен мамлекетке баш ийбейм, чакырууга барбайм, өзүм каалаганды кылам» деп чакырык таштап жатпайбы? Сиз ошону каржылап, колдоп жатпайсызбы? Мал сойгон ошого тете да, туурабы?»

Сегизбаев «бул пикирге кошулбайм» деп так кесе жооп берди. Ошондой эле ал саясат тууралуу мурдагы президент менен сүйлөшпөгөнүн кошумчалады.

«Ал жакта эч кандай бийликти басып алуу, түндүк-түштүк жөнүндө сүйлөшүү болгон эмес», — деди Сегизбаев.

Фото: www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.