Жер тилкесин каттоо үчүн «ВАЗ» унаасын пара катары алган жетекчи кармалды

Окуялар тизмеги 09 Сен 2019 15:14
0 ой-пикир

Жең ичинен бүткөрчү иши үчүн пара катары автоунаа алды деп шектелген Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык архитектура башкармалыгынын жетекчиси кармалды.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) тараткан маалыматка ылайык, Б.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал жер тилкесин каттоо үчүн шектүү «ВАЗ» унаасын пара катары алып, жерди каттабай же автоунааны да артка кайтарбай койгонун айтып, чара көрүүнү суранган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык-кодексинин «пара алуу» беренеси менен катталды. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Каракол шаардык архитектура башкармалыгынын жетекчиси автоунааны алганы аныкталган. Ага пара катары берилген унаа атайын токтотуучу жайга киргизилген.
Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.