Рыскелди Момбеков, депутат: «Эки Өмүрбек саясатка келсе, оор түйшүктү алып келет»

Окуялар тизмеги 22 Авг 2019 09:39
0 ой-пикир

Жогорку сот «Ата-Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаевдин жана экс-элчи, мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароого жөнөткөнүн сот акыйкаттыгы деп айтууга болбойт. «Азаттыкка» комментарий берип жатып Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков ушундай пикирин билдирди. Эл өкүлү муну соңку саясий кырдаалга байланыштуу бийликтин элди алаксытуу кадамы деп эсептей турганын айтты.

— Биринчи май райондук соту деле кийин «негиз жок» деп коюшу мумкүн. Бул убактылуу элди алаксытуу катарында кабыл алынган, саясий чечим болду. Себеби Башкы прокуратура буга каршы болду. «Саясий кырдаал турукташып баратканда кайра козутуп албайлы» деген максатта кабыл алынды деп ойлойм. Азыр бийликке эки Өмүрбектин кереги жок. Биринин саясатка киришип (Өмүрбек Бабанов – ред.), экинчисинин түрмөдөн чыкканы кереги жок. Алар кошумча оор түйшүктү алып келет. Ошондуктан Текебаевдин бөгөт чарасын карап, түрмөдөн чыгарып коёт дегенге ишенгим келбей турат.

Бүгүн Жогорку сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, буга чейинки чечимдердин баарын жокко чыгарган чечим чыгарды. Иш Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлдү.

Текебаев менен Чотонов орусиялык жарандан пара алды деген негизде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Экөө тең бул айыптоону ошол кездеги бийликтин саясий куугунтугу деп аташкан.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.