Ырлардын арасынан өзүңүздүн ысымыңызды табыңыз

Окуялар тизмеги 20 Авг 2019 15:59
0 ой-пикир

Ырчылар Аскат Мусабековдун «Эркинай», ЖЕБЕ тобунун «Жазгүлүм», Ильяз Андаштын «Гүлнара Иссык-Куль и ты», Өктөм Сапар уулунун «Лейла», Гүлжигит Сатыбековдун «Бегайым», Мурадил Данияров менен Эркиндин «Малика», Кубик Калыковдун «Айпери», Жеңишбек Айтиевдин «Айнура» аттуу ырларында айымдардын өтө көп кездешкен ысымдары айтылат.

Булардын катарында ырчы Байэл «Айжамалды», Максат Кыштобаев «Айжаркынды», Ильяс Кудретов «Жамиляны», Жан Сабыров «Айчырайды», Байыш Момунов «Лоланы», Мурадил Данияров «Толгонайды», Иса Өмүркулов «Алияны», Нурхан Турганбеков «Адинаны», Алмаз Шаадаев «Фариданы» созолонтуп, сүйүүнү даңазалап ырдашкан.

Ысымдары өзгөчө айымдарга арналган ырларды Нияз Абдыразаков «Лейли», Дайыр Исмадияров «Даурия», Кайрат Примбердиев «Рита», Нурлан Насип «Сауле», Урмат Усенов «Лейла», Тынчтыкбек Айылчиев «Мария» деп аткарышкан.

Адилет Азимов «Ай, Айжан», Мыктыбек Мыйманбаев «Айдайым сен», Аскат Мусабеков «Айданек», «Мунарым», «Канышай», «Элмира», Лутфилла Бусурманкул уулу «Дилбарым», Чырмаш Төрөбеков «Даткайым» Мыктыбек Нурланбеков «Аруузат», НУР тобу «Гүлмая», STYLE MIX тобу «Чолпонум», Ильяз Абдыразаков «Гули, Гули», «Азиза», Таалайбек Тойчуев «Зарина» аттуу чыгармаларын сулуу селкилерге арнашкан.

Интернеттен алынды

Фото Интернеттен алынды

Айымдарга арналган ырлардын катарын Мирлан Жетигеновдун «Тумарым», Руслан Нарынбаевдин «Бегайым», Ырыскелди Осмонкуловдун «Гүлбаржаным», Нурлан Тилебаевдин «Назира», Маматибраим Бостонкуловдун «Делбирим», Замир Арыкбаев жана Съездбек Искеналиевдин «Айнаш», Гүлжигит Сатыбековдун «Айбийке», Асанкалый Керимбаевдин «Ак маралым», «Гүлкайыр», Бек Исраиловдун «Айжаз кыз», Рустам Сагыналиевдин «Айгүлүм», Малик Аликеевдин «Арзыкан», Кубик Калыковдун «Жийдегүл» Сыймык Бейшекеевдин «Айзат кыз», «Гүлбайра», Ибрагим Жунусовдун «Чынара» БИЗ тобунун «Элиза» Адил Чекиловдун «Асель», Санжар Бердибековдун «Назгүлүм», МАКСАТ- БАТКЕН тобунун «Нуриза», Айбек Касымовдун «Муңдашым Мунар, кайдасың?», «Бек Борбиевдин «Гүлчөтай», «Айгерим», «Эсте Гүлкайыр», «Айзада», «Чынара», Асылбек Өзүбековдун «Алтынайы» толуктайт.

Мындан тышкары ырчы айымдардын аткаруусунда селкилерге арналган чыгармалар ондоп саналат. Кенже Кубатова «Алымкан», Каныкей «Курманжандын каты», Гүлнур Асанова «Бегимайдын ыры», Саламат Садыкова «Паризат», Үмүтай Абдышова «Жаңылмырзанын арманы», Элбарчын Калилова «Нестан — Дарежан», Салима Балтаева «Салима», Айгерим Расул кызы «Лейламын Лейла», Самара Каримова «Акшооланын ыры», Индира Кабылбаева «Таттыбүбү», Аяна Касымова «Ажар», Айпери Кулбаева «Айтумар», Нурайым Азыкбаева «Аруукем» деп обон салып, элге тартуулап жүрүшөт.

Маалымат 24.kg сайтынан алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.