Кой-Ташта болгон окуяда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевди эч ким аткан эмес. Бул тууралуу УКМКнын жетекчиси Орозбек Опумбаев Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди:
— Сегизбаевди эч ким аткан эмес. Ал ок тийгендей түр көрсөткүсү келип жатат. Ал качып баратып бутун кокустатып алган. Көп болсо көгөрүп калса керек.
7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармоо операциясында Абдил Сегизбаевдин бутуна желим ок тийгенин анын жакындары айтып чыгышкан. Социалдык тармактарга ал «Тез жардам» менен ооруканага жеткирилген сүрөттөр жарыяланган.
Сүрөт Акипресстен алынды