УКМКнын мурунку төрагасы Сегизбаев суракка чакырылды

Окуялар тизмеги 11 Авг 2019 18:05
0 ой-пикир

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев 13-августта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматына суракка чакырылды. Бул тууралуу анын жакындары ММК кабарлашты. Алардын айтымында, Сегизбаев учурда Бишкек шаарында.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Сегизбаевдин Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу камакка алынганын жазып чыгышкан эле. Бирок УКМК бул маалыматты четке кагып, милиция кызматкерлери ИИМге чакыруу тапшыруу үчүн гана келгенин кабарлашты. Азырынча кайсы иш боюнча жана ким катары чакырылганы белгисиз.

Абдил Сегизбаев 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди УКМКнын «Альфа» ыкчам бөлүгү кармаганы барган учурдагы кагылышта жаракат алып, ооруканага жеткирилген эле.

Учурда 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуялар боюнча президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, КСДПнын мүчөлөрү Алга Кылычов, Кыяз Исмаилов жана Амантур Жамгырчиев 8-октябрга чейин камакка алынган. Атамбаевдин бир нече тарапкери ИИМге күбө катары сурак берүүдө.

Ал эми Алмазбек Атамбаев «Коррупция» беренеси боюнча шектүү катары 26-августка чейин УКМКнын Тергөө абагына камакка алынды.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.