УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаевдин отставкасы кабыл алынган жок

Окуялар тизмеги 08 Авг 2019 16:31
0 ой-пикир

Бүгүн, 8 августта Жогорку Кеңеш өлкөдөгү курч саясий абал боюнча кезексиз жыйынга чогулушту.

Учурда депутаттар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча жүргүзүлгөн атайын операцияга байланыштуу түзүлгөн кырдаалды талкулап жатышат.

Депутат Мирлан Жээнчороев («Республика-Ата-Журт»  фракциясы) күч органдарынын жетекчилери бүгүндөн калбай отставкага кетиши керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 8-августта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, УКМК саясатчылардын артынан кууп жүрүп, өзүнүн кызматын, абалын унутуп калып жатат.

УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев отставкага кетүүнү чечкенин айтты. Ал президенттин чечимин күтүп жатканын белгиледи.

«Президенттин чечимин күтпөй бүгүн кызматтан кетишиңер керек. ИИМдин жетекчилери дагы кызматтан кетиши шарт. Маалыматты билбей туруп, кызматкерлерди Кой-Ташка жөнөттүңөр», — деди Жээнчороев.

Бирок, жыйынга келген президент Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаевдын отставкасын кабыл албагындыгын билдирди.

Эскерте кетсек, кечээ, 7-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операцияда күч органдары менен анын тарапташтары кагылышкан. Андан 50-гө жакын адам жаракат алган. Күч органдарынын бир кызматкери каза болгон.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.