Саламдашуу салты. Башка улуттун өкүлдөрү кантип учурашышат?

Адамды адам көргөндө баарлашып, саламдашкан эзелтеден бери келаткан салт болуп саналат. Өзүңдөн улуу адам менен учурашпай коюуу – уят. Күндөгү эле биз пайдаланып жүргөн саламдашуу: «Саламатсыңарбы?, Кандайсыз», «Ден соолугуңуз кандай?» деп күнүгө учурашабыз. Учурашкан дагы бир искусствонун түрүнө кирет. Ал адамга сый-урматты билдирип, ал адамдын ахыбалын, иштерин сураган момент.

Сүрөттө: Бельгиянын королу Филипп Жаңы Зеландиянын маори өкүлү менен жолугуп, учурашкан кези

Эгер саламдашпай койсоң, таарынганыңды, ал адам сага жагымсыз экенин көрсөтөсүң. Албетте, тааныбаган адам менен учурашпай эле койсо болот, бирок, туугандар, тааныштар, коёшу-колоёдор ж.б. менен учурашпай койгон болбойт. Ал эми бөлмөгө кирип келген киши биринчи саламдашуусу зарыл. Адистердин айтымында, таанышкан учурда да, эң алгач таанышып жаткан адамдар бири-бири менен саламдашып, 7 минуттун ичинде ал адам көңүлүнө жакканын же жакпаганын сезет экен.

Расмий жана профессионалдык баарлашууда кабыл алынган ишарат тили бар. Мисалы, спорт оюнунда судьянын кыймыл-аракети, аскер кызматында иштегендердин саламдашуусу, валюта базарындагы брокерлердин өз ара кыймыл-аракети, дипломаттардын учурашуу тилдери официалдык учурашуусу адистигине жараша кабыл алынган атайын принциптери бар.

Мындан сырткары, колдорубуздун жардамы менен сөз менен айтпай эле жест аркылуу биз 7 миң ар түрдүү белгилерди бере ала турганыбызды адистер эсептеп чыгышкан.

Ал эми келин кайын журту менен жүгүнүп учурашса, алар ага «Кудай жалгасын!» деп жооп узатышат.

Биздин мырзалардын «Ассаллому Алейкум!» деген учурашууга кайра «Уа алейкуму салам!» деп жооп кайтарышкан учурашуусу араб тилинен келип, азыр салт катары Кыргызстанда жана Өзбекистанда кеңири тараган саламдашуу. Ал тургай «салам» деген сөздүн өзү араб тилинен алынган. Ошондой эле «Ислам» деген сөздүн өзү эле саламдашуу дегенди түшүндүрөт.

Эми биз башка өлкөнүн адамдары кантип саламдашаарын карап көрөлү:

Орустар, англичандар, америкалыктар учурашканда бири-биринин колдорун кысышса, Кытайда башка адам менен саламдашканда өзүнүн колун кысып коет экен.

Лапландиялыктар мурундарын тийгизип учурашат. Ал эми самоалыктар жытташып саламдашышат экен. Ал эми латиноамерикалыктар катуу кысып саламын билдиришсе, Венгрияда кучакташканда далыларын таптап коюшкандыгы саламдашуу деп эсептелинет.

Француздар бири-биринин бетинен 3-4 жолу өөп учурашышат.

Индияда улуулар менен учурашканда бутуна, этектерине кол тийгизишет.

Кенияда секирип сизди Адаму бийи менен тосуп алышат. Ким көбүрөө секирсе, ошол сыйлагандыгын билдирип, бийдин көркүн чыгарат.

Түрктөр улуулардын колун өөп, өз чекелерине тийгизип коюшат. Жапондуктар таанышын көрсө, бир орунда шашпай тура калып, жүгүнөт да анан жолун улантат. Италияда эркектер баш кийиминин учун кармап саламдашышат.

Египеттик менен йемендиктер саламын билдирүү үчүн алаканын чекесине тийгизип коюшат. Африкада жашаган уруулар бетине түкүрүп салам берсе, ал адамды сыйлагандык дегенди билдирет экен.

 

Жесттердин мааниси

Болгария, Греция – башты ийкөө — «жок, макул эмесмин!» дегенди билдирет.

Грецияда – «сөөмөйдү өйдө көтөрүү — жаагыңды бас дегенди билдирсе, Сауд Аравиясында сөөмөйдү өйдө көтөрүү — «бул жерден кет, жогол!» дегенди түшүндүрөт.

Эгер сиз Сауд Аравиясына же Түркияга барып калсаңыз, сөөмөйдү көтөрүп айлантуу – жыныстык катнашты сунуштоо экенин билип алышыңыз керек.

Орусияда – бармактарды манжалардын арасынан чыгаруу – «сага эч нерсе жок!» дегенди билдирет. Португалияда тескерисинче, бармактарды манжалар арасында чыгаруу – «сага бакыт каалайм» деген белги.

Тибетте тилин чыгарып жатышса, сиз ойлобоңуз муну менен алар сизге урмат көрсөтүп учурашып жатышат. Бул салт эзелтеден бери колдонулуп келет. Тоолуу Тибеттин королу Ландарма буддизмге каршы чыккан. Мына ошондон тартып королдун тили кара деп атай башташкан. Ага каршы чыккандар тилин чыгарып, тилдери кара эместигин көрсөтүшчү экен.

Аравияда – кашты колу менен кармоо – «мага жактың».

Португалия – бармакты манжалар арасынан чыгаруу – «сага бакыт каалайм!»

Франция – манжа учтарын бириктирүү — «эң сонун», «таттуу», «кооз».

Түркия, Кытай – манжа учтарын бириктирүү «жөн жүр!».

Испания – кулактын учун кармалоо – «дана жинди турбайсыңбы!».

Түркияда ээкти өйдө шилтеп коюу – «жок».

Орусияда кулактын учун кармалоо – «муну ойлонуп көрүш керек».

Америка Кошмо Штаттары жана Орусияда – сөөмөй менен бармакты бириктирүү «жарайт, макул».

Германия, Франция – сөөмөй менен бармакты бириктирүү — мен сен тууралуу бир нерсе билем.

Кипр – сөөмөй менен бармакты бириктирүү — «мен сен тууралуу бир нерсе билем».

Бразилия – алаканын көрсөтүү — «жардам бере албайм».

Япония – манжа учтарын бири-бирине сүртүү — «сенин канча тураарыңды билем» дегенди түшүндүрөт.

Ал эми Либерияда биринчи кадимкидей эле учурашып, анан сөөмөйү менен бири-бирине тийгизишип, андан кийин муштумун түйүп, колдорун  тийгизип коюшат.

Ислам саламдашууга кандай маани берет?

Исламда саламдашуунун орду жана мааниси абдан чоң. Аллах Таала Адам алейхи саламды жараткадан кийин, ага: «Тигил жакта отурган периштелерге барып салам бер да, кайра алар сага кандай жооп кайтарышарын кунт коюп ук. Анткени кийин сенин урпактарың саламдашуунун бул калыбын колдонот»,- деген. Ошондо Адам алейхи салам периштелерге: «Ассаламу алейкум» деп салам бергенде, периштелер ага: «Ва алейкум ассалам варахматуллахи» деп жооп кайтарышкан. «Ассаламу алейкум» кыргыз тилинде «Сизге тынчтык болсун» деген маанини билдирсе, «Ассаламу алейкум варахматуллахи вабаракатуху» деген толук түрү «Сизге Аллах Тааланын тынчтыгы, мээрими жана берекеси болсун деген маанини камтыйт.

Аллах Таала Өзү Куранда 10дон ашык жерде пенделерине салам менен кайрылат. Куранга ылайык, эгер мусулманга салам берилсе, ал ошол саламдын өзүндөй, же андан да жакшы таризде жооп кайтаруусу абзел. Аллах бардык нерсени эсепке алуучу!

«Ассаламу алейкум» деген саламга, «Ваалейкум ассалам варахматуллахи» деп жооп берилиши керек. Ал эми «Ассаламу алейкум варахматуллахи» деген саламга андан да жакшыраак: «Ва алейкум ассалам варахматуллахи вабаракатуху» деп жооп кайтарылышы зарыл. Бири-бирине салам берүү периштелердин сыпаттарынан экенин да унутпоо керек.

Исламда аял менен эркек кантип учурашат?

Кол берип саламдашууда эске ала турчу өтө маанилүү жагдай бар. Ал — бири-бирине намахрам эркек менен аялдын саламдашуу тартиби. Исламда аял менен эркектин бири-бири менен кол берип саламдашуусуна жол берилбейт.

Эркек чоочун аялга кол тийгизбеши керек. Муслим жана Бухари келтирген сахих хадистерде Аишанын (Аллах андан ыраазы болсун) ислам динин кабыл алган аялдар динди кабыл алганын тастыктоо иретинде пайгамбарыбыз Мухаммедге (Алланын ага салават-саламдары болсун) ант берүүгө келгенде, пайгамбарыбыз антты сөз жүзүндө «Мен сенин антыңды кабыл алдым» деп гана кабылдаган. Адатта, пайгамбарыбыз антты кабыл алганда кол алышуу менен бекемдечү. Жогорудагы хадистен пайгамбарыбыз чоочун аялдарга эч качан кол тийгизбегендигин, саламдашмак тургай антты да сөз жүзүндө кабыл алгандыгын билдик.

Күнүмдүк турмушта жана иш учурунда мусулман аялдар жана кээ бир учурда мусулман эркектер кол алышып саламдашууда бир катар түшүнбөстүктөргө кабылышат. Бишкек шаарынын тургуну Бегимай жумушка байланыштуу айрым учурларда ыңгайсыз кырдаалдарга кабыларын айтты: «Кээде эркектер мага колун сунуп учурашканда эмне кыларымды билбей калам. Эгер алик албай койсоң тарбиясы жок, текебер деп ойлоп калышат. Мен аларга динде буга тыюу салынарын айтып түшүндүргөнгө аракет кылам», деди.

Ислам дининде гана эмес, кыргыздардын салтында да чоочун эркек менен аял бири-бирине кол тийгизип учурашчу эмес. 70 жаштагы Айна апа саламдашуу тууралуу буларды айтып берди: «Биз жаш кезде эркек менен кыздын кол берип саламдашканы өөн учурачу. Жөн гана баш ийкеп койчубуз, кээ бирлери чоочун эркектин көзүнө да тик карачу эмес»,-деди.

Бүгүнкү күндө Улуу Британиянын королевасы Елизавета II менен учурашууда протокол боюнча биринчилерден болуп кол сунууга болбойт. Эгер Елизавета II өзү колун сунса, сылык гана алик алып койуу жетиштүү.

Жазгүл Урмамбетова, — атайын Еlgezit.kg үчүн

Исламдагы саламдашуу боюнча айрым материал «Умма» журналынан алынды

Сүрөт www

 

Билдирүү калтыруу