Секелек кыздар ар дайым көздүн карегинде болуусу кажет

Өспүрүм курактагы кыздардын көйгөйлөрү

Өткөөл курактагы өспүрүм кыздардын проблемалары абдан эле көп. Бир жагынан алардын дене түзүлүшү мурункуга караганда бир топ өзгөрүүлөргө дуушар болот. Мына ушул куракта кыздар менен апалардын ортосундагы тыгыз мамиле болуусу шарт. Учурдагы кыздардын көпчүлүгүндө айызы эрте келип жатканын медиктер белгилешүүдө. Бул климаттын да таасири болуусу мүмкүн. Эрте куракта жыныстык катнашка барып жаткандар да аз эмес. Көбүнчөсү мындай нерсени «уят» деп жаап-жашырат. Бирок, тилекке каршы, көбүнчөсү ачыкка чыгып калууда.

Учурда интернет өнүккөн заманда балдар менен кыздар интернеттен, социалдык тармактардан көп нерсени билип, бат үйрөнүп жатканы кубандырат. Бирок, медалдын арткы жагы да бар эмеспи. Интернетке чыгып жаткан нерселердин баардыгы эле пайдалуу эмес. Эрте кош бойлуу болуп жаткан кыздарга дал ушул интернет таасир берип жаткан жокпу? Албетте, жаш кыздардын организми энелик милдетке даяр боло элек жатканда, алардын окуусу ташталып, үй-бүлөлүк оор турмуш башталат. Эптеп окуусун бүтүп-бүтпөй көз жарган жаш эне жашоого даяр эмес болуп чыгып келет. Бул учурда кайын-журт менен келишпестиктер пайда болуп, кичинекей мамлекет курулуа элек жатып, кайра бузулат. Ошентип, үй-бүлө бузулат дагы, баягы кыз же окуусун уланта албай же баласына татыктуу карай албай, бала таене-таятасына калып, өзү иш издеп чет жактарга чыгууга аргасыз. Баягы кыз да билимин толук албагандыктан, кара жумушка гана барып кептелет.

Жалгыз бой энелердин көйгөйү

Адатта, жалгыз бой энелер экинчи жашоосун кургусу келбейт. Анткени алар баласына же кызына байланып калышат. Айрымдары, жашоонун ачуусун бир татып, кайра дагы бир ирет аракет кылып көргүсү келип, экинчи жашоосунун барагын ача баштайт. Мына ошондо келиндин мурдагы никеде төрөлгөн балдары оор психологиялык абалга дуушар болушат. Мына ошондой энелердин бири Наргиза, экинчи жашоо куруп, эки кызын ата-энесине таштоого аргасыз. Учурда кыздары бойго жетип калганын айткан эне, аларга телефон аркылуу чалып гана сагынычын таратат. Ал өзү Ысык-Көлдөн, ал эми азыркы жолдошу Баткенден болот. Балдарына да жолдун алыстыгынан улам көп каттай албай убара тартат. – Кыздарымды абдан сагынам. Алар менин көз алдымда болсо дейм, бирок күйөөм аларды өз колума алганыма каршы, — дейт Наргиза. Кыздары учурда кол арага жарап, таенесине үй тиричилигине жардам беришет.

Айрым жалгыз бой энелер балдарын багуу максатында 2-3 жумушту аркалап, иштеп келишет. Айрымдары чет жактарга жумуш издеп кеткендери арбын. Жалгыз бой энелердин жаңыдан турмуш куруусу аларга оорчулук алып келет. Биринчиден, алар мурда турмуш курган. Экинчиден, жаңы турмуш курууда мурдагы турмуштан төрөлгөн балдары аларга жолтоо болот. Өгөй атасынан запкы көргөн балдарыбызда арабызда жок эмес.

“Кроха” балдар клиникасынын педиатры Минбаева Жамилянын айтымына караганда, учурда балдардын көбү кароосуз калып жатат. – Учурда заман башкача, мурдагыга салыштырмалуу балдар маалыматты интернет аркылуу тез арада билип жатышат. Бул бир чети жакшы жышаан деңизчи, бирок, анын жаман жактары да бар. Алсак, ошол эле телефон аркылуу канча балдар өз жанын кыйып жатат.

Экинчи бир чоң маселе – бул миграция. Мамлекет тарабынан жаштарга жумуш берилбегендиктен, алар чет жактарга агылып жатат. Балдары кароосуз калып, ар кандай жаман окуяларга туш келип жатышат. Айрымдар балдарын да жоготуп алышууда. Бул бир эле ошол үй-бүлөнүн проблемасы эмес, бул бүт мамлекеттин көйгөйү десем жаңылышпайм. Муну мамлекет колго алып чечүүсү керек. Албетте, ата-энелер кимге балдарын таштаса ошол адамдар, туугандары биринчи кезекте жооптуу, бирок, ошол тапкан акчалары буйрубай калса, баласын жоготуп алса, баардык аракеттер текке кетет. Мындан улам, үй-бүлө да бузулат. Ошентип, баягы алдыга койгон максаттар ишке ашпай калганы, эң чоң ката баланы кароосуз таштап кеткен ата-энелердин көз жашы тынбай кала берет. Бул психологиялык жактан да адамга жашоосундагы чоң сокку болот. Мындан улам, ата-энелердин арасында да бул дүйнө менен кош айтышкандары жок эмес.

 

Кыргызстанда статистика боюнча өспүрүм кыздардын 14-15 жашында бойлоруна бүтүп, көз жарып, үй-бүлө күтөрү айтылып келет. Бирок, ошол кыздар балдарын татыктуу карай албай жатышат. Атүгүл, улуу муундардагы аялдар деле кыздары, неберелери менен жыныстык катнаш тууралуу тийиштүү деңгээлде билим бере алышпайт. Мектептерде бул тууралуу сааттар бөлүнгөн. Балдарга да, кыздарга да жеткиликтүү маалымат берилбей жаткандыгы өкүндүрөт…

Жазгүл Урмамбетова — атайын Еlgezit.kg үчүн

Еlgezit.kg редакциясы макаланын маңызы үчүн жооп бейрбейт жана редакциянын көз карашын билдирбейт

Сүрөт интернеттен алынды

 

 

Билдирүү калтыруу