Өнүктүрүү фондунун долбоордук блогунун аткаруучу директору Андрей Широковду президент кабыл алды

Окуялар тизмеги 23 Июл 2019 16:43
1 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-июлда Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун долбоордук блогунун аткаруучу директору Андрей Широковду кабыл алды.

Президенттик аппараттан маалымдашкандай, биргелешкен социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү жана өнүгүүгө багытталган кызматташтыктын келечеги талкууланды.

Жээнбеков Токтогул ГЭСин реаблитациялоо жана энергетикалык, инвестициялык долбоорлор боюнча Кошумча Макулдашууну ишке ашыруу республикада энергетикалык кубаттуулуктун көлөмүн арттырууга мүмкүнчүлүк берерине ишене турганын билдирди.

Президент ошондой эле Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду тарабынан «Ден соолук кербени» долбооруна бөлүнгөн грант айыл калкын алдын ала медициналык кароодон өткөрүүгө олуттуу колдоо болоруна үмүттөнөрүн билдирди.

Ал эми Широков ирригациялык тармактагы жана республиканын аймактарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу долбоорлорун ишке ашыруу боюнча иштер башталганын маалымдады.

Азыркы кезде калктуу пункттардын тизмеси аныкталды жана пилоттук долбоорлордун тажырыйбасы иликтенүүдө.

Ал ошондой эле энергетика, транспорт, саламаттык сактоо жана айыл чарба чөйрөлөрүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу улана турганын белгиледи. Жогорудагы бардык багыттар боюнча тийиштүү мамлекеттик органдар менен тыгыз иш жүрүүдө.

Ошондой эле өлкөнүн региондорунда жолдорду куруу жана модернизациялоо боюнча инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу пикир алмашуу болду. Тараптар мындан аркы жемиштүү кызматташууга кызыкдар экенин жана ага толук даярдыгын билдиришти.

Сүрөт интернеттен алынды

Өнүктүрүү фондунун долбоордук блогунун аткаруучу директору Андрей Широковду президент кабыл алды” жөнүндө ой-пикирлер

  1. Сабыр

    Токтогул ГЭСиндеги сууну сатып салып, энергетиканын кубаттулугунун артаарына ишенээрин айтып күйгүзөт да. Андай болсо сатпаш керек болчу. Кышында жарыгы жок калчу болсок, эл жаныңды койбойт го.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.